Последние публикации

2015-жылдын жазынан тарта Кыргызстан электрондук виза системасына өтөт

Кыргызстанда 2015-жылдын жаз айларынан тарта чет элдик жарандарга электрондук виза берүү башталат. Токтомго премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун 18-декабрда өкмөттөн билдиришти.

Документке ылайык, Кыргызстанга кирип-чыккан же өлкө аймагы аркылуу башка мамлекеттерге өтүүчү чет элдик жарандарга жана жарандыгы жокторго электрондук виза берүү ишин Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматы аткарат.

Бул систем чет элдик жарандардын виза алуусун жөнөкөйлөштүрөт жана виза берүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү кыскартат. Электрондук виза системи өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртууда өбөлгө болоорун өкмөт башчы айтып өткөн.

Мындай чечим туристтик операторлордон жана ишкердик чөйрөдөн түшкөн көптөгөн кайрылуулардан кийин кабыл алынган. Виза 60 күндүк мөөнөт менен берилет жана узартып алууга болот.

Ссылка на оригинал публикации : saresep.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...