Акыркы макалалар

Жалал-Абадда окуучулардын үч тилдеги гезити жарык көрдү

Шаардагы беш мектептин окуучулары орус, кыргыз жана өзбек тилиндеги гезит чыгарышты. Бул демилге Польшанын Тышкы иштер министрлигинин демилгеси менен “Кыргызстандагы жаштардын компьютердик билимин жогорулатуу жана журналисттик кесипти үйрөтүү” долбоорунун алкагында ишке ашты.

Долбоордун координатору Катажина Зарембанын билдиришинче, шаардагы беш мектеп 75 компьютер менен камсыздалып, 50 окуучу атайын окуудан өттү. Эми айына эки жолу окуучулар А4 форматында үч тилдеги түстүү гезит чыгара баштайт.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...