Акыркы макалалар

Коргоо министри ЖККУнун Башкы катчысы менен жолугушту

Үстүбүздөгу жылдын 12-декабрында Коргоо министрлигинде Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы генерал-майор Асанбек Алымкожоев менен Коргоо министри генерал-майор Абибилла Кудайбердиев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Николай Бордюжа менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө алдыда өтүүчү Коргоо министрлеринин кеңеши менен Жамааттык коопсуздук кеңешинин маселелери талкууланды. Н.Бордюжа күн тартибине киргизилген маселелер тууралуу кыргыз кесиптештерине кыскача айтып өттү.

Өз кезегинде, Генералдык штабдын башчысы менен Коргоо министри, ЖККУнун аскердик коопсуздукту өнүктүрүү боюнча багытын Кыргызстан толугу менен колдоорун билдиришти, ошондой эле алар ЖККУнун Генералдык катчысы менен регионалдык коопсуздук маселелерин дагы талкуулашты. Бул тууралуу Куралдуу күчтөр Башкы штабынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгынан маалымдады.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...