Акыркы макалалар

Бүгүн Эл аралык кыска метраждуу тасмалардын фестивалы башталат

Бүгүн Эл аралык кыска метраждуу тасмалардын фестивалы башталат

Бүгүн, 12-декабрда "Кыргызстан-кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" аттуу эл аралык сынак Бишкекте башталат.

Эл аралык конкурста 15 өлкө катышат, бирок 13 тасма көрсөтүлөт. Анткени Литва менен Грузиядан тасма келбей калды. Ал эми Кыргызстандын атынан жаш режиссёр тарткан “Лифт” деген тасма көрсөтүлөт. Улуттук конкурста 10 фильм катышты. Алар өлкөнүн белгилүү жана жаш режиссёрлорунун тасмалары. Кирүү акысыз болот. Көрүүчүлөр өзү каалаган тасмасына добуш бере алат.

Конкурс эң алгач 2011-жылы уюштурулган. Ошондон бери жыл сайын Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган фестивалга КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнөн келген режиссёрлору катышат. Ошондой эле программанын алкагында эки конкурс уюштурулган: Эл аралык жана улуттук конкурстар. Улуттук конкурста Кыргызстандагы 2013-жылдын аягынан 2014-жыл ичинде тартылган бардык кыска метраждуу тасмалардын мыктылары тандалып алынып көрсөтүлөт.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...