Акыркы макалалар

Башкы штабдын Ала-Бука аскердик бөлүгүндө капитан лейтанантты атып салды

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын Ала-Бука районунда жайгашкан аскердик бөлүгүндө капитан рангындагы аскер лейтанантты атып салган. Бул тууралуу кечээ, 11-декабрда "ВБ"га жеке булактардан маалымдашты.

Анын айтымында, окуя кечээ кечинде нөөмөттү өткөрүп берүү маалында болуп өткөн.

"Алардын бири куралы өткөрүп берүүдө Макаров тапанчасынын огун алган эмес. Жарадар болгон лейтенант ооруканага баратка жолдо көз жумду",-деп билдирди маектеш.

Өз кезегинде Башкы штаб азырынча бул маалыматты тастыктаган жок. Бирок "ВБ"га маалым болгондой, ведомство ички иликтөө иштерин баштады.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...