Акыркы макалалар

Нарын облусунда жарандар күзүндө суунун нугун жапай койгондугу үчүн суу каптоолор болууда

Нарын районундагы Куланак айылында кечээ, 11-декабрда Куланак сайына муз топтолуп, айылдагы 4 турак жайдын короосунун сыртын суу каптап, муз тоңгон.

Жергиликтүү тургундар тарабынан сууну бөгөө иштерине 130 даана кап сарпталып, саат түштөн кийин жээк бекемдөө иштери аяктады. Себеби: Күз мезгилинде чарбалык максаттары үчүн бурулуп алынган сугат арыгы аркылуу суу алышып, каналдан башын жаппай коюшкан. Учурда аталган айылдарда абанын температурасы -25.. -30 градус суук болгондуктан сууну калыбына келтирүү кыйын болууда.

Сууну бөгөө иштерине ӨКМнын жарандык коргонуу кызматы жардам көрсөтүүдө.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...