Акыркы макалалар

Бишкекте биометрикалык маалыматтарды тапшыруу улантууда

Бишкек шаарынын борбордук почтампында жайгашкан биометрикалык маалыматтарды топтоо бөлүмүндө биометрикалык маалыматтарын тапшырууга келгендердин аягы тыйылбайт. Кезек күткөндөрдүн саны 50 кишиден кем эмес. Бул штабда учурда 3 оператор жарандарды тейлөөдө. Аталган штабдын оператору Азат Токтобаевдин айтымында ушул жуманын аягына чейин, дагы кошумча 2-3 жабдык орнотулат. Ошондо кезек күткөндөр азаймакчы.

“Маалыматтарды жаңыдан топтоп баштаганыбызда келген жарандардын саны азыраак болчу. Күндөн-күнгө маалымат тапшыргандардын саны көбөйүүдө. Ошол себептен улам кошумча жабдыктар, адистер талап кылынды. Кичинекей балдары менен келген энелерди кезексиз өткөрүп, маалыматтарын алуудабыз. Ар бир оператор 1 күндө 100 кишини тейлей алат. Түшкү тамактануу учурунда дагы иштеп жатабыз. Алынган маалыматтарды тиешелүү жетекчилерге күн сайын өткөрүп турабыз”,-дейт А. Токтобаев.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...