Акыркы макалалар

Алдамчы абысындар он чакты адамды сызга олтургузушкан

Кечээ, 10-декабрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмү тарабынан 1963-жылы туулган Рахат, 1965-жылы туулган Гулмира аттуу эки аял алдамчылык менен шектелишип, Ош шардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармалуучу жайына киргизилди. Бул тууралуу Ош жана Ош облусу боюнча ИИМ Башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан Замир Сыдыков кабарлады.

Бул аялдардын үстүнөн 6 адамдан арыз түшкөн. Кылмышка шектелгендер жабырлануучуларга "июнь окуясында жабыр тарткандарга салынган үйдөн алып беребиз" дешип акча алышкан: 2 адамдан 20 миң, 3 адамдан 50 миң, бир адамдан 60 миң сом алдоо жолу менен алышкан. Экөө тең бир тууган абысындар. Кара-Суу районунун Маданият айылынан болушат. Бул экинчи алдамчы топ. Бүгүн бул аялдардын үстүнөн дагы кошумча үч адамдан арыз түштү.

Учурда Ош шаардык ИИБнын тергөө бөлүмү 1949- жылы туулган Гулбайра, 1950-жылы туулган Айнагул аттуу адамдардын үстүнөн дагы ушул эле берене менен тергөө иштерин улантууда. Мурда маалымдагандай, бул аялдар дагы 21 адамды сызга отургузушкан. Бирок, булар 2 миң доллардан 16 миң долларга чейин алышкан. Алган акчалары 250 миң доллар жана 1 миллион сомдон ашты. Бул биринчи алдамчылардын тобу эле, деп билдирет Сыдыков.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...