Акыркы макалалар

Ж.Исаев: "Шаарга 2-3 кабат жолдорду куруу керек"

Бүгүн, 10-декабрда ЖК жыйынында Бишкектин автоунаа жолдорун реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу маселе каралып жаткан учурда "Ата-Журт" фракциясынан депутат Надира Нарматова, бир гана Бишкектин эмес, ички кичи жолдорду оңдоо үчүн дагы инвестиция тартуу зарылдыгын айтып чыкты.

"Капиталдык салымдардан мамлекеттин ички жолдорун оңдоого акча бөлүнүп жатат. Бирок ал каражат жолдорду оңдоого жетишсиз. Алган насыялардан мамлекеттин кароосундагы ички жолдорду оңдоого шарт түзүү керек",- деди депутат.

КСДП фракциясынан депутат Жусупали Исаев, Бишкекке 2-3 кабат жолдорду курууга убакыт келип жеткендигин айтты.

"Учурда шаарда жүрүм болбой калды. Кытай мамлекети дагы бул сунушту колдойт. Шаарга 2-3 кабат жолдорду куруу керек",- деди депутат.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...