Акыркы макалалар

Кытай Бишкектин 105 чакырым жолун оңдоого гранттык каражат бөлүүдө

Жогорку Кеңеште «Бишкек шаарында 2014-жылдын 29-сентябрында кол коюлган КР Өкмөтү менен КЭР Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек шаарынын автомобиль жолдорун реабилитациялоо жана реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу» мыйзамдын долбоору каралып, 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, кытай тарап Бишкек шаарынын көчөлөрүн оңдоо үчүн 200 млн юань (32 млн доллар) гранттык каражат бөлүп, ага 105 чакырым жол оңдолот. Эки тараптуу келишимге ылайык, жол куруу ишине кытай компаниялары гана тартылат. Ал эми көзөмөлдү кыргыз тарап жүргүзөт.

Азыр анын алгачкы траншында Бишкек шаарынын үч көчөсүндөгү 7,44 чакырым жолду калыбына келтирүү багытында 52,5 млн юань (492 млн сом же 8 млн доллар) көлөмүндө грант бөлүп жатат. Бул каражатка жол куруудан тышкары, жол куруу техникалары алынат, асфальт жасоо заводу курулат. Жол курулуп бүткөн соӊ, алынып келинген техникалар толугу менен Бишкек мэриясынын карамагында калтырылмакчы.

Депутаттар талкуу жүрүшүндө салынып жаткан жолдордун сапатын көзөмөлдөө, ордо калаанын четиндеги жаӊы конуштар менен кичи шаарларга да көӊүл буруу, алынган каражатты сарамжалдуу пайдалануу тууралуу пикирлерин билдирди.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 600 чакырым ички жол бар, анын 300 чакырымы асфальтталган. Болжол менен ар чакырым жолго 300 миӊ доллар каражат жумшалат.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...