Акыркы макалалар

Ош-Бишкек жолунда кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт

Ош-Бишкек жолунда кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт

27.12.2012. Гүлзат Газиева

Ош-Бишкек кан жолунда көчкү коркунучу бар аймактарда бүгүнтөн баштап 30-декабрга чейин артиллериялык курал колдонулуп кар көчкүсү атайылап түшүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

«Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 жана 198-265 ошондой эле 361-385-чакырымдарда кыймыл коопсуздугун камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жеткирбөө үчүн 2012-жылдын 28-декабрынан 30-декабрына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайылап түшүрүү зарылдыгы келип чыккан»,- деп кабарланат билдирүүдө.

Фото: Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы

Түп нускага шилтеме : yntymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...