Акыркы макалалар

Ошто Архистратиг храмы Рождество балатысын өткөрөт

Ошто Архистратиг храмы Рождество балатысын өткөрөт

26.12.2012. Билал Исматилла уулу

Ош шаарында биринчи жолу балдар үчүн Рождестволук балаты болуп өтөт. Бул тууралуу түштүк борборундагы Ыйык Михаил Архистратиг храмынын пресс – кызматы билдирди.

Айтымында, мындай масштабдагы акция Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын тарыхында алгачкы жолу болуп өтөт.

“Биз уюштуруп жаткан майрам динине ажыратпастан бардык каалоочулар үчүн. Бишкек жана Кыргызстан феодосиясынын башчылары балдарга белектерди тапшырат. Рождество – бүткүл дүйнөдө сүйүүнүн жана жакшы жышаандын символу”, - деп белгиледи Оштогу Ыйык Михаил Архистратиг храмынын протоиреи Виктор Реймген.

Майрам 2013 – жылдын 10 – январында балдардын “Келечек” чыгармачылык борборунда өтөт. Билеттерди Оштогу Михаил Архистратиг храмынан бекер алууга болот. Балдардын рождестволук балатысы Кыргызстандын башка областтарында жана Бишкекте да өткөрүлөт.

Түп нускага шилтеме : yntymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...