Акыркы макалалар

Илимий долбоорлорго казынадан каржы каралат

Илимий долбоорлорго казынадан каржы каралат

26.12.2012. Асанбек Каракозуев

25-декабрь күнү Ошто ЖОЖдордогу илимий-техникалык долбоорлордун маалымат жыйыны өткөрүлдү. Бул маалымат жыйын Ош технологиялык университетинде КРнын Билим берүү министрлиги тарабынан каржыланган илимий-техникалык долбоорлордун 2012-жылдагы аткарган иштери тууралуу отчеттук маалымат жыйыны өткөрүлдү. Иш-чарага Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Зуура Каденова катышып, Ош технологиялык университети менен Ош мамлекеттик социалдык университетиндеги илимий долбоорлордун алкагында аткарылган иштердин жыйынтыгын укту.

Жыйында аталган эки окуу жай боюнча жалпысынан 9 долбоордун жыйынтыгы каралып, мамлекеттик бюджет тарабынан илимий долбоорлорго бөлүнгөн акча каражаттарынын туура пайдаланылышы, түрдүү багыттагы долбоорлордун коомчулуктагы пайдайсы, өндүрүштө колдонулушу менен келечеги талкууга алынып, эксперттик сын-пикирлер да айтылды. З.Каденованын айтымында илимий-техникалык долбоорлордун быйылкы жылдагы жыйынтыгына жараша гана окуу жайлардын 2013-жылдагы илимий долбоорлоруна мамлекеттик бюджеттен акча каражаты каралат.

«Ошондой эле, бул долбоорлордун келечекте мамлекеттин өндүрүш тармагынын өнүгүшүнө зор таасир тийгизээрине тереӊ ишенебиз. Мындан сырткары ар бир илимий долбоорлордун өзүнчө бир өзгөчөлүктөрү да бар»,-деди З.Каденова.

Белгилей кетсек, жыйындын уландысы бүгүн Жалал-Абад мамлекеттик университетинде өткөрүлмөкчү.

Түп нускага шилтеме : yntymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...