Акыркы макалалар

Султанов: 2016-жылы электр энергиясынын тартыштыгы 4 млрд кВт∙саатты түзөт

Бүгүн, 4-декабрда "Министр байланышта" акциясынын алкагында өткөн жыйында Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Талант Султанов менен электр энергиясы боюнча маселелер талкууланды. Бул тууралуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун басма сөз кызматы кабарлайт.

Султановдун пикиринде, 2016-жылы электр энергиясынын тартыштыгы 4 млрд кВт∙саатты түзөт.

"Алдын ала эсептөөлөргө таянсак, эгерде жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизбесек 2024-жылы электр энергиясынын тартыштыгы 17 млрд кВт∙саатка жетет. Эгерде кубаттуулуктарды жогорулатпасак электр энергиясынын тартыштыгы жыл сайын 1,5-2 млрд кВт∙саатка чейин өсөт. Биз анда электрдин импортуна көз каранды болгон өлкө болуп калышыбыз мүмкүн",-дейт ал.

Директордун айтымында, эгер мындай жагдай түзүлсө коңшу мамлекеттерге үмүт артууга болбойт.

"Тажистандын өзүнө электр энергиясы жетишпей жатат, Казакстан дагы өзүнүн керектөөсүн жабышы керек жана алар электрди өз баасына эмес Кыргызстандан жогору баага жеткирет. Кыргызстан электр энергиясын үнөмдөшү, коррупция менен күрөшүүсү, жоготууларды төмөндөтүшү керек",-дейт ал.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...