Россиядагы кыргызстандык мигранттардын кирешеси 30-40 пайызга азайган. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Kabar Press мамлекеттик маалымат кызматына "Замандаш" ассоциациясынын төрагасы Майрамбек Жапанов билдирген.
Мигранттардын абалына рублдин кунун жоготушу жана Россияга Батыш өлкөлөрү киргизген санкциялар таасир берүүдө.
"Эгерде кыргызстандыктар буга чейин болжол менен 700-1000 доллар таап келген болсо, азыр алардын кирешелери 30-40 пайызга чейин төмөндөдү, бул албетте Кыргызстанга жөнөткөн каражатка таасир берет. Эгерде жагдай өзгөрбөсө биз экономикага тийгизген таасирди сезебиз, анткени Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 33 пайызын мигранттар которгон акча түзөт",-дейт ал.
Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg
Азырынча бир да пикир жок...