Акыркы макалалар

Октябрь райондук прокуратурасы коррупциялык кылмыштар боюнча алгылыктуу иштөөдө

Коррупцияга каршы күрөшүү мыйзамдарынын аткарылышы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан 2014-жылдын 9 айында 26 текшеруу уюштурулуп, анын жыйынтыгы менен мамлекеттик органдардын башчыларына 10 сунуш жолдонуп, 14 талап келтирилген, сунушту кароонун жыйынтыгы менен 18 кызмат адамы тартиптик жазаларга тартылышкан.

Иштин бул багыты боюнча өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырыганда козголгон кылмыш иштеринин саны – 7 ден 8 ге көбөйгөн.

Мисалы, 2012-жылдын 21-ноябрында Бишкек шаарынын мэриясына тиешелүү коомдук мамлекеттик капиталдык курулуш башкармачылыгы менен «Гидрант-Тех» жоопкерчилиги чектелген коом Бишкек шаарынын Октябрь районунун «Рухий-Мурас» конушунун 3 көчөсүнө суу түйүндөрүн орнотуу боюнча эки тараптуу келишим түзүлгөн. Бирок курулуш иштерин бүткөрүүдө мамлекетке 115,5 миң сом зыян келтирилгендиги тастыкталган.

Мындай жагдайда мамлекеттик капиталдык курулуш башкармачылыгынын башчысынын орун басары Р.Джамангулов менен бөлүмдүн башчысы Э.Касымкуловдор өзүлөрүнүн кызматтык абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиришкен.

Аталаган факты боюнча райондук прокуратурасы тарабынан 2014-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын КЖК 304-беренесинин 2-бөлумү менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жургүзүлүүдө.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...