Акыркы макалалар

Үшкүрүк чыгат үшүнтүп

Биринчи ¬өкмөттү түзсө да, экинчи өкмөттү түзсө да, үчүнчү өкмөттү түзсө да акаев-бакиевчи карга-кузгундар жык толуп алган соң, үшкүрүгү таш жарып, АША комузун колго алып кол алдында иштегендерге төгүп жиберет.

Айтамын баштан өткөнүн,

Жашымды далай төккөмүн.

Бутумдан чалып жыгам деп,

Бийликтер анда көпкөнүн.

Акаев менен челиштим,

Бакиев менен тебиштим.

Сайрандап анда силердей,

Айткыла качан жеп ичтим?

Өйдөлөп Максим киргенде,

Жонумдан кайыш тилгенде.

Алымды сурап ошондо

Кимиңер келдиң билгенге?

Талапкер болуп жатканда,

Тамаша куруп «Акманда».

Түбөлүк шайлап Кукеңди,

Түрттүңөр мени капканга.

Маш элең барың сатканга,

Жеңилүү тузун татканда.

Жаныма басып келбедиң,

Жаткыра мени чапканда.

Апрель айы болгондо,

Алып барып камап койгондо.

Табалап мени жүрдүңөр,

Камынып дагы сойгонго.

Премьер-министр Жантөрө САТЫБАЛДИЕВди карап:

Жан досум качан эл дедиң,

Жакшы эле ичип тердедиң.

Жаным кейип турганда,

Жаныма жакын келбедиң.

1-чи Вице-премьер Жоомарт ОТОРБАЕВди карап:

Акаев жакка жүгүнүп,

Алдында жүрдүң жүгүрүп.

Түркия көздөй айдадың,

Билекти кошо түрүнүп.

Вице-премьер Тайырбек САРПАШЕВди карап:

«Туранда» туруп эптедиң,

Турганда мени жектедиң.

Белинен анын кучактап,

Белорус жакка кетпедиң.

Вице-премьер Камила ТАЛИЕВАны карап:

Камилка нени ойлодуң?

Акматта жүрүп тойлодуң.

Маземди чагып турганда,

Абалды сурап койбодуң.

Министр Темир САРИЕВди карап:

ЦАРИИде жүрдүң бар болуп,

Сариев деген «царь»болуп.

Шайлоодо мени чукудуң,

Заманам турса тар болуп.

Министр Ольга ЛАВРОВАнын карап:

Соцфондду өзүң жетектеп,

Максимди жүрдүң этектеп.

Жээниңди мага тукурдуң,

Оппозиция болду жетет деп.

УКК төрагасы Шамил АТАХАНОВду карап:

Акаңды көрсөң сүйүнүп,

Дасторкон сала жүгүрүп.

СИЗОңдо жатсам бир кезде

Келбедиң досум үңүлүп.

Фракция жетекчиси Феликс КУЛОВду карап:

Тандемде чогуу иштештик,

«Мост» болгон кезде тиштештик.

Белиңди ийдиң сен дагы,

Фелике, мини ГЭС дешип.

Фракция жетекчиси Өмүрбек ТЕКЕБАЕВди карап:

Спикер болдуң сен деле,

Сөөмөйдү кесеп эмнеге… деп баратып,

эми сенден сөз качып кутулбайт эмеспи, деп, колун шилтеп өтүп кетет.

Башкы прокурор Аида САЛЯНОВАны карап:

Конгалар менен достошуп,

Конокко барып тосттошуп.

Жеңилип анда калганда,

Жүрмөкпүз далай соттошуп.

Жардамчысы Абдил СЕГИЗБАЕВди карап:

Акаев кезде жашсың го,

Ал баскан изди бастың го.

Аңтарып менин ишимди,

Абдике далай каздың го?

Шопуру, азыркы чиновник Икрамжон ИЛЬМИЯНОВду карап:

Капталдан бийлик урганда,

Каңгырап башым турганда.

Камокко чуркап шопурум

Жакшы эле көңүл бурган да.

Көңүлдөн кантип чыгарам,

Көкөлөп өзүм турганда.

Дагы үшкүрүнүп алып:

Батиңке кийип туулгандар,

Бийликтен эми куулгандар.

Башыма күн түшкөндө,

Артыман жөлөп тургандар.

Жанындагыларга карап:

Мансапта жыргап жаткандар,

Маммүлктү ой-да чачкандар.

Жоболоң чыкса кокустан,

Жолобой менден качкандар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...