Акыркы макалалар

Билим берүү мекемелеринде кышкы эс алуу күндөрү белгиленди

Бүгүн, 4-декабрда Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин кышкы каникулунун графиги жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан маалымдашты.

Маалымат боюнча, борбордогу мектеп окуучулары 2014-жылдын 29-декабрынан 2015-жылдын 18-январына чейин кышкы каникулга чыгышмакчы. Ал эми жогорку окуу жайлардын студенттери кышкы каникулга 2015-жылдын 1-январынан 31-январына чейин эс алышат.

Белгилүү болгондой, бул график КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 2014-жылдын 16-октябрындагы №832-буйругуна ылайык, билим берүү мекемелеринин каникулдардын жаңы графиги жөнүндөгү буйругунун негизинде түзүлдү.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...