Акыркы макалалар

Депутат колдонулган дөңгөлөктөрдү сатууга чектөө коюуну сунуштады

Бүгүн, 4-ноябрда парламенттин жалпы жыйынында "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев тыштан ташылып келген колдонулган дөңгөлөктөрдү сатууга чектөө коюуну сунуштады.

Депутаттын айтымында, алардын сапаттары талапка жооп бербегендиктен жол кырсыктарынын келип чыгуусуна себепкер болууда.

""Кудайберген" базарына барсаңар жарабай калган дөңгөлөктөрдү алып келип сатып жатышат. Аларды үчкө бөлүп коюшат экен. Жаңылары, бир аз колдонулганы жана эскиси деп. Элдер ошол эскирип жарабай калганын деле алып жатышат. Бул маселени көзөмөлдөп, андай дөңгөлөктөрдү сатууга чектөө коюу керек",- деди ал.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...