Акыркы макалалар

Беловодск айылындагы мектеп интернаттан бала качып кетти

Беловодск айылындагы өзгөчө тарбияга муктаж балдардын жана өспүрүмдөрдүн мектеп-интернатынан директор сабагандыктан анын тарбиялануучуларынын бири качып кеткен. Бул тууралуу, бүгүн 3-декабрда ЖМКлар маалымдашкан.

Баланын качып кеткенине төрт күн болгонуна карабай эч ким издеген эмес.

Ал эми аталган мектеп-интернаттын директору Нурлан Ташкулов балдарды эч ким урбай турганын билдирди.

"Бизде дайыма текшерүү болуп турат, медициналык кызматкерлер буга чейин кандайдыр бир сабалган тактарды байкамак. Менин бул жерде иштегениме бир аз болду, бирок интернаттан качып кетүү бул жерде кадыресе көрүнүш. Качып кеткен Рысбек Туматаев кайтып келди, баары жайында, биз ага чейин телефон чалсак, ал үйүндө экен. Менимче мага карата бирөө балдарды тукуруп жатат. Мен бул ишти териштирем",-дейт Ташкулов

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...