Акыркы макалалар

Жалал-Абад губернаторунун мурдагы орун басары үй камагына чыкты

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы “Азаттыкка” билдирди. Тайхожа Гиязовго Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда Кадыржан Батыровдун уулуна үлүш жерлерди мыйзамсыз берген деген айып менен ушул жайда кылмыш иш козголуп, издөө жарыяланган. Гиязов кийинчерээк колго түшүп, 26-октябрда камакка алынган. Учурда атлган ишти облустук прокуратура тергеп жатат.

Тайхожа Гиязов Жалал-Абадда губернатордун орун басары болуп 2010-жылы апрелден сентябрь айына чейин иштеген. Ошол жылы күзүндө “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого катышкан.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...