Акыркы макалалар

“Кумтөр” боюнча биргелешкен ишкана январга чейин түзүлөт

Бул тууралуу вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда өкмөт канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен биргелешкен ишкана түзүү боюнча макулдашууларды аяктап калды.

- Кечээтен баштап канадалыктар менен сүйлөшүүлөр кайрадан жанданды. Кудай буюрса январга чейин Кумтөрдөн түшкөн кирешени теңме-тең бөлгөн ишкана түзүлөт. Азыр канадалыктар менен аталган келишимдеги 12 талаштуу пункт боюнча “Кыргызалтын” жана биздин юристтер иштеп жатат, - деди Сарпашев.

Президент Атамбаев 1-декабрда телеканалдарга берген маегинде “Кумтөрдү” улутташтыруудан башка жол калбаганын айтып, мындай абалга кептеген өкмөт менен парламентти катуу сындаган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...