Акыркы макалалар

Калбүбү АЙМАНБЕТОВА: “Баскынчылардай басып, колледжди көчүрүп кетишти”

Калбүбү АЙМАНБЕТОВА: “Баскынчылардай басып, колледжди көчүрүп кетишти”

Үч-төрт жолу редакциябызга И.Арабаев университетинин алдындагы педагогикалык колледждин студенттери жана алардын ата-энелери бир топ көйгөйлөрдү айтып телефон чала бергендиктен, аларды кеңсебизге келип, болгон нерсени болгондой айтып берүүлөрүн сунуштадык. Бирок, эртеси ал тараптан “Бизди коркутуулар болуп жатат. Андыктан, ачыкка чыгуудан коркуп жатабыз. Окуубузга зыяны тийип кала турган сыяктуу” деген билдирүүлөр түшкөндүктөн, ушул сөз болуп жаткан педагогикалык колледждин экс-директору Калбүбү Айманбетованы издеп таап байланышып анын өз оозунан ушул көйгөйдү угууга аракеттендик.

Кыскача маалымат

Калбүбү Айманбетова 1974-жылы Жети-Өгүз районундагы Макаренко орто мектебин аяктап, ошол эле мектепте улуу пионер вожатый болуп педагогикалык эмгек жолун баштаган. Кийинчерээк КМУнун чет тилдер факультетине тапшырып, аны аяктаган соң, өмүрүн жаш муундарды тарбиялоого арнаган.1995-жылы И.Арабаев атындагы университеттин физика-математика факультетинин алдында А.Керимбеков менен бирдикте биринчилерден болуп ЖОЖдун алдындагы лицей ачышкан. Кийинки жылдары чет тилдер факультетинин алдында лицей ачылып, ошол лицейде директор болуп эмгектенген. Ушул эле чет тилдер лицейинин базасында 2004-жылы алгач чет тилдер мугалими адистиги, кийинчерээк мейманкана сервиси, туризм адистиктерин даярдоо боюнча колледж ачкан. Чет тилдер факультети кийин дүйнөлүк тилдер институту, андан кийин лингвистика институтту болуп аталган. Колледж ушул аталган институттардын алдында иш жүргүзүп келген. 2011-жылдын 1-сентябрынан баштап “институттан бөлүнүп Арабаев атындагы университетин алдындагы педагогикалык колледж” болсун деген буйрук чыккан.

- Калбүбү Шаршеновна, И.Арабаев атындагы университеттин алдындагы педагогикалык колледждин учурдагы абалынын көйгөйлүү маселеси боюнча бир топ студенттер, ата-энелер бизге кайрылышкан эле. Ушул маселе туурасында аталган окуу жайдын экс-директору катары оюңузду өз оозуңуздан уксак...

- Бул колледжди 2004-жылы дүйнөлүк тилдер институтунун алдындагы чет тилдер колледжи кылып, далай эмгектин аркасы менен ачкан элек. Колледж жаңы ачылган учурда студенттерди тартып, шарт түзүш үчүн көптөгөн кыйынчылыктарды баштан кечиргенбиз. Ал убакта ЖОЖдордун мугалимдери бизди структура катары деле көрүшчү эмес. Анткени, студенттерибиз аз санда, кирешебиз өлчөлүү, айлыгыбыз кирешебизге жараша болгон. Кийинчерээк студенттерди тартып, коллежд өсүп-өнүгүү жолуна түшкөндө, абитуриенттерди кабыл алууда конкурс чоң боло баштады. Материалдык базабызды бир топ оңдоп алгандан кийин колледж талашка түшө баштаган. Башка институттардын алдында дагы колледждер түзүлдү. Мындан беш жыл мурда гуманитардык билимдер институтунун алдындагы колледжди КМУнун алдындагы колледж деп атап, ага директорлукка Өмүрбек Карымшаков келген. Ал адам келгенден баштап, башка институттардын алдындагы колледждерге көз арта баштады. 2008-жылы биздин “туризм”, “мейманкана сервиси” жана “дизайн” адистиктерибизди, 2010-жылы Экология, Экономика жана менеджмент институттардын колледждерин кошуп алды. Ал эми биз ушул жылы Лингвистика институтунун алдындагы колледжге “Кыргыз тили” жана “Башталгыч класстын мугалими” адистигин көпчүлүк абитуриенттердин суроо-талаптары менен ачканбыз, ал жакшы киреше алып келген көрүнүктүү колледж болуп калганын көрдү да Ө.Карымшаков биздин колледжге кайрадан көз артып, аны кошуп алам деп баштады. Себеби, ушул адистиктерге өтүүгө конкурс чоң болуп жатты. Ошол учурдан баштап, кабыл алуу комиссиясында жалаң гана Ө,Карымшаковдун өз кишилери (мафиялары) азыркыга чейин иштеп келатат. Мен укканда эле “Эмне үчүн педагогикалык багыттагы адистиктерди таптакыр башка адистиктерге кошосуңар? Министр деле азыр профилдештирүү жөнүндө айтып жатпайбы” деп каршы чыккам. Каршы чыкканыма карабай, үч айдан кийин 2011-жылы 6-декабрда КМУнун колледжине кошуу тууралуу буйрук чыкты. Биз буга макул болбой министрликке, өкмөткө кат жолдодук. Катка “Колледж эмне үчүн педагогикалык багыттагы эмес колледжге кошулушу керек. Аларды эмне байланыштырат? Эгер ошондой болсо, И.Арабаев университетине педагогикалык колледж кереги жок болсо, анда университеттин курамынан чыгарып, башка педагогикалык багыттагы колледжге кошуп коюшса деп суранганбыз. Бирок, оң жооп ала алган жокпуз. Ушул маселе боюнча министрликтен келген өкүл Төлөс Абылкасымовго дагы айтканыбызда, ал “кошулуш керек” дегенден башка жооп айткан жок. Университеттин жетекчилиги биздин кат жазганыбызды билгенден кийин бизди катуу текшерүүгө алып, комиссия түзүп “буларды катуу текшергиле, чукугула, тапкыла!” деп буйрук берди. Эгерде текшерүү учурунда кемчилик кеткен болсо, мени күнөөлөгүлө, бирок, структураны калтырып койгула” деп да кайрылдым. Бизди чукуп текшергендей, ошол колледжди текшеришсе деле оркойгон кемчиликтер чыкмак. Ошол убакта көп жылдан бери, өзүмдүн практикамдан алып “Лицей-колледж-ЖОЖ үзгүлтүксүз билим берүү системасы” тууралуу жазып жүргөн диссертациямды коргоо алдында тургам.

- Сиз колледжди кошууга каршы чыкканда бут тосуулар болдубу?

- Албетте, болбой койгон жок. Бир топ бут тосуулар болуп, диссертация жактоого эки күн калганда “Мага мүмкүнчүлүк бергилечи, жактагандан кийин текшергиле” десем болушпай, улам ар кайсы жакка чакыртып жатышты. Ошентсе да, ал ишимди ийгиликтүү жактап алдым.

- Деги Карымшаков колледжге келгени өзү бир адистик ачты беле?

- Жок, ачкан эмес. Мен да ошого абдан нааразы болуп “эмне үчүн Карымшаков бир адистик ачпастан даяр адистиктерди эле тартып алат?” деп айтып жаман көрүнүп жүрөм. Эмнеге жетекчилик ошого жол берип, бир адамдын гана кызыкчылыгын көздөйт деген суроолорго жооп таба албай келем. Дагы бир айта кетчү нерсе “баардык адистиктердин окуу пландарынын баары окуу башкармалыгында туруш керек” деп чогултуп алышчу. Ошол жерден биздин окуу пландарды Карымшаков алып, министрликтин аккредитация жана лицензиялоо бөлүмүнө өткөрүп, биздин адистиктерди “КМУнун колледжинин адистиктери” деп лицензия алып алган. Муну кандай түшүнүүгө болот. Мен муну бирөөнүн эмгегин уурдап алуу деп түшүнөм. Эмне үчүн лицензиялоо комиссиясы биздин адистиктерди көрбөй туруп, окуган корпусту, биздин окутуучулардын иштери менен таанышпай эле кантип лицензия берип койду деген ойлор жаралат.

- Сизге да, мурдагы студенттериңиз, ата-энелериңиз кайрылып жатабы?

- Ооба, азыркы 8-кичи райондогу корпуска студенттер батпай, кыйналып, 2-3 группадан бир аудиторияда окуп, батпаган студенттер сабакка барбай, көчөдө жүргөндөрүн ата-энелерден, студенттерден угуп жатам. Лицензия берүүчү комиссиясы текшерүү учурунда КМУнун колледжинин имаратынан аудиторияларга эки чоң колледждин студенттери батпай турганын көрүп туруп, аларга кандай жол менен лицензия берип коюшту? Бул жерде да “сүйлөшүү” роль ойноп кеттиби? Билбейм. Ошондой эле биздеги мурдагы кыргыз группасында окуган студенттер, азыр орус группада окуп кыйналып жатышыптыр. Кыргыз тилин өнүктүрүү маселеси учурда талкууланып жатса, анан эмнеге алар кыргыз группаларды орус группаларга кошуп салат. Ушул жагдайларды жетекчилик көз жаздымда калтырбай көңүл буруп койсо дейт элем. Себеби, жаш баламдай бапестеп жолго салган структурамдын азыркы абалын укканда тынчсызданып жатам.

- Ак эмгегиңер менен түзгөн материалдык базаңарды тиги колледжге кандай жол менен өткөрүп бердиңер?

- Өткөрүп берген жокпуз. Мени менен эч ким эсептешкен жок. Мен жокто Лигвистика институнунун мурдагы мугалими биздин колледждин “совместители” болуп иштеген Алсейитов деген жигит келип баскынчылардай эле, кагаз жүзүндө акт түзбөй туруп жүктөп кетиптир. Эми биз документ түрүндө кандай эсептешебиз билбейм. Же өздөрү эле документ түзүп коюушабы... Белгисиз.

-Учурда эски имаратыңыздар бош калдыбы?

- Биз ал имаратка да көп күч жумшаганбыз. Ата-энелер менен бирдикте колубуздан келишинче оңдоп-түзөө иштерин жасап, жакшы деңгээлде сактап келгенбиз. Ал имаратты да талашкандар көп деп угуп атам. Жетекчилердин тилин тапкан адамдарга тиет го деген ойдо отурам.

- Маегибиздин аягында сизге эркин сөз...

- Учурдан пайдаланып, жалпы кесиптештеримди келе жаткан кесиптик майрамдары менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Үй-бүлөлөрүнө ынтымак, чыгармачылыктарына ийгиликтерди каалайм. Ошондой эле кесиптештеримди, иштерине көз арткан суук көздөрдөн сак болушун каалайм.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...