Акыркы макалалар

Оторбаев менен Бельянинов ишкерлерди кызматташууга чакырышты

Кыргыз-россиялык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагалары: КРдин өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев менен Россиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов эки мамлекеттин ортосундагы шериктештикти активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Жоомарт Оторбаев Россиянын жана Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн ишкерлерин кызматташтыкка чакырды. Ошондой эле ал Евразиялык экономикалык биримдикке Кыргызстандын кириши менен шарттар сезилерлик жакшыра турганын айтты.

Андрей Бельянинов өз кезегинде ишкер мамилелерди өнүктүрүүгө Кыргызстан дайыма көңүл буруп жаткандыгын кошумчалады. Ал азыркы баскычты эки тараптын ишкер коомчулугу үчүн "баштапкы баскыч" деп атады жана "эки мамлекеттин ишкер өкүлдөрү каржы жана башка бир катар тармактарда ийгиликтүү кызматташтыкты ишке ашырат",- деп белгиледи.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...