Акыркы макалалар

Беш жылда Россия Кыргызстанга 8 миллиард доллар инвестиция салат

Жакыны төрт-баш жылда Россия Кыргызстандын экономикасына 7-8 млрд доллар инвестиция салат. Бул тууралуу КРдин президенти Алмазбек Атамбаев Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында Соода өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда "Кабар" агенттиги маалымдады.

"Тиешелүү келишимдерге кол коюлду. Жакын арада биз чоң инвестицияларды күтүп жатабыз",-деп белгиледи мамлекет башчысы.

Атамбаев Россия Кыргызстанга көп каражат инвестициялап жатканын белгилеп өттү. Ал Сауд Арабиясынын ишкерлерин дагы Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...