Акыркы макалалар

Кыргызстанда рублдин расмий курсу рекорддук чекке чейин ылдыйлады

Кыргызстанда рублдин расмий курсу рекорддук чекке чейин ылдыйлады

Кыргызстанда рублдин расмий курсу жыл башынан бери 26 пайызга төмөндөгөн. Эгерде 2014-жылдын башында россиялык валютанын баасы 1,5029 сомду түзсө, 2-декабрга карата анын баасы 1,1117 сом болуп калды. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалат.

Өткөн суткада эле рубль кыргыз сомуна карата 4,8 пайызга күчүн жоготкон жана 1,1677 сомдон 1,1117 сомго ылдыйлаган.

Россиянын өзүндө да рубль доллар менен еврого карата кунун жоготуп жатат.

Орус рублинин баасы мунайдын баасынын төмөндөшүнө байланыштуу арзандап жатат. 1-декабрга карата Лондондогу соода биржасы мунайды баасы 1 баррелине 67,88 доллар болгон чекти көрсөттү.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...