Акыркы макалалар

Жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандарга жыл сайын бюджеттен 400 млн сом бөлүнөт

Жыл сайын жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандарга жардам катары республикалык бюджеттен 400 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда каржы министри Ольга Лаврова билдирди.

"Көрсөтүлгөн суммадагы жардам жабыр тарткан турак жайларды калыбына келтирүү үчүн ипотекалык сертификат катары берилет. Анын алкагында биз 2 миң сертификат чыгардык. Бюджеттен каралган 400 млн сомдун бардыгы жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандарга жардам иретинде берилди", - деди ал.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...