Акыркы макалалар

Ички мигранттардын социалдык көйгөйлөрү талкууланды

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин бүгүн, 2-декабрдагы отурумунда ички мигранттардын балдарынын социалдык тейлөөлөрдөн пайдалануусу жөнүндөгү маселе каралды. Демилгечи депутат Ыргал Кадыралиева баяндама жасап, бир жыл бою тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте Бишкек жана Ош шаарларынын айланасындагы жаңы конуштарга жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгынан маалымат берди.

Депутаттын айтымында, шаардык таштандылар тарапка жакын жайгашкан конуштардагы абал дагы тыкыр иликтенип чыккан. Ошол жерден 15-30км алыс аралыкта жашап жаткан үй-бүлөлөр бар. Ал тургай ичүүчү таза сууга жетпеген үй-бүлөлөр гана эмес, бүтүндөй бир конуштардын бар экендигин дагы жолуктурдук,- дейт депутат Ы.Кадыралиева.

Ошондой эле айрым бир балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөргө ээ болбой жаткандыктарынын себептери дагы аныкталган. Депутат Ы.Кадыралиеванын ырасташынча, Бишкек шаарынын тегерегиндеги 11 жаңы конуштардагы кыдырууларда 2013-жылы 1,5 миң баланын документ албагандыгы ачыкталган. Алардын 800ү таптакыр документ алган эмес болсо, ал эми 700ү алган документтерин жоготуп жиберишкен. Так даректери жок болгондуктан, жаңы конуштарга «тез жардам» унааларынын барышы да кыйын.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...