Акыркы макалалар

Атамбаев: Электр энергиясынын тартыштыгы боюнча маселе чечилди

Кыргызстандагы электр энергиясынын тартыштыгына байланыштуу маселе чечилди. Мындай пикирин кечээ, 1-декабрда Коомдук телерадио берүү корпорациясы менен болгон маегинде Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев билдирди.

"1-декабрдан баштап Казакстандан электр энергиясын ала баштадык. Энергетикада чечиле элек көп маселелер бар. Алар буга чейинки 20 жылда, андан мурда чогулган маселелер. Алардын баарын жакынкы 2-3 жылда чечебиз деген үмүт бар. Электр энергиясын импорттоого керектеле турган каражаттар Энергетика жана өнөр жай министрлигине берилди",-дейт президент.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...