Акыркы макалалар

Кыргызстанда укук коргоочулар тууралуу тасма тартылат

Адам укуктарын коргоо боюнча бир айлыктын алкагында Кыргызстандын укук коргоочулары тууралуу тасма тартылат. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда болгон "Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы" деп аталган тегерек столдо КРдин акыйкатчысы Бакыт Аманбаев билдирди.

Өлкөнүн башкы укук коргоочусу 1948-жылы 10-декабрда Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы тарабынан кабыл алынган Адам укуктары тууралуу жалпы декларациянын маанилүүлүгүн белгилеп өттү. 10-декабрь - эл аралык адам укуктары күнүнө карата Акыйкатчы институту 20дан ашык иш-чараларды өткөргөн, негизинен калк арасында алардын укуктары тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн жана студенттер менен бир катар жолугушуулар өткөрүлгөн.

Бир айлык аяктагандан кийин кыргызстандыктарга укук коргоочулар тууралуу атайын тасма сунушталмакчы. "Азыр биз Кыргызстанда иштеп жаткан укук коргоочулардын ишмердүүлүгү тууралуу фильм тартып жатабыз. Тасманы тартууга Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму сыяктуу бир катар эл аралык уюмдар колдоо көрсөттү",-дейт Аманбаев.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...