Акыркы макалалар

Топоз этин жеген адам картайбайт

Топоз этин жеген адам картайбайт

Топоз деңиз деңгээлинен 2700дөн 5200гө чейинки бийиктикте жашаган экологиялык таза продукция жана сырье берүүчү бийик тоонун малы. Ал жогорку энергиялуу жана дарылык касиети бар чөптөр менен тамактанат. Ошондуктан, топоздон алынуучу тамак-аш продукциялары жогорку геронтологиялык баалуулукту камсыз кылат.

Топозду багып-өстүрүү абдан рентабелдүү. Ал жалаң гана жайыттын малы болгондуктан, жыл бою жайыттарда кармалып, кошумча тоют даярдоону жана кармоо үчүн атайын короо-жайларды талап кылбайт. Топоздор башка айыл чарба малдары дээрлик туруштук бере албаган бийик тоолуу, шарты катаал климатта жашашат.

Топоздон алынган продукцияны, мүйүзүнөн баштап туягына чейин кайра иштетүүгө жарайт. Эти, сүтү, майы баалуу тамак-аш продукциясы болуп эсептелет. Анын майы косметикалык өндүрүш тармагында баа жеткис сырье. Териси бышык жана ийкемдүү болгондуктан, тери галантериясында, бут кийим өндүрүшүндө пайдаланылат. Кылынан аркан, жасалма чач жана башка атрибуттарды даярдашат. Сөөгүнөн ээр-токум, сувенирлерди, ал эми топоздун тарамышынан уникалдуу желим даярдоо үчүн пайдаланылат. Каны, ички секрециялык органдары, мүйүзү, туяктары жогорку натыйжалуу дары препараттарын даярдоо үчүн фармакологиялык өндүрүшүндө баалуу сырье катары колдонулат.

Топоздордун продукциясы экологиялык жактан таза жана коопсуз экени далилденген. Этинин талчалары жоонураак, булчуңдарында май аз болот жана тарамышка бай келет. Эти жогорку калориялуулугу менен айырмаланат. Ошондой эле минералдык уу заттар мышьяк, фосфор, сымаптын туздары, кадмий, жез, коргошундун кармалуусу өтө эле аз.

Эми ушундай бийик тоолуу, абасы таза жерде дары чөптөрдү жеген топоздун этинин өзү табылгыс азык болушу керек эле. Базарга барганда кызыл-кочкул тартып турган топоздун эти сатылып жатса, андан бурулуп барып, агыш тартып турган уйдун, койдун, тооктун этине жабыша калабыз, же тооктун санын сатып алабыз. Же андай этти көргөндө, өлгөн малдын этиби деп чочулаган учурлар да кездешет. Топоз деп сатып жатышса, чынында топоздун этиби, же башкабы деп ишенбей кетебиз.

Топоздун этинин кызыл-кочкул тартып турганынын себебин Ветеринардык илимдердин доктору Манас Касмалиев топоздун этинде гемоглобиндин көп кармалуусу менен түшүндүрдү. Канчалык бийиктеген сайын абада кычкылтектин саны азая баштайт. Топоздор канчалык бийиктеген сайын алардын канынын кызыл (эритроцит) бүртүкчөлөрүндө гемоглобиндин кармалуусу көбүрөөк болот. Гемоглобиндин эң негизги максаты – абадан алынган кычкылтекти клеткаларга, органдарга, ткандарга жеткирип берүү болуп саналат. Ал эми бодо малдын канында гемоглобин жок болгондуктан, алар топоздор жүргөн бийик жерлерге чыга алышпайт. Ал эми топоздордун канынын санында гемоглобиндин көп санда болгондугуна байланыштуу, алардын жардамы менен 5000 метр бийиктикке чейин кете беришет.

Бирок, топоздун эти канчалык баалуу экендигине карабай, анын баасы уй эти менен бирдей же көпчүлүк убакта төмөнүрөөк жүрөт. Айыл чарба адистеринин айтуусуна караганда, топоздун этин өндүрүү уйга караганда бир топ жеңил. Биз жогоруда сөз кылгандай, топозду багууда ашыкча чыгым талап кылынбайт. Кошумча жем-чөп берилбейт жана өзүнчө атайын курулган жайларда кармалып, ашыкча чыгым коротулбайт. Ошондуктан, анын этинин баасы салыштырмалуу уйдукунан төмөнүрөөк жүрөт.

Бизде республика боюнча топоздун саны 2013-жылдын декабрына карата 30925. Анын ичинен Баткенде-1364, Жалал-Абадда- 322, Ысык-Көлдө-8287, Нарында- 14518, Ошто-5219, Таласта-762, Чүйдө-678 баш топоз бар.

Топоздор дагы башка бодо мал сыяктуу эле жугуштуу ылаңдар – сибирь кулгунасы, шарп, учук, бруцеллез жана башка оорулар менен оорушат. Деңиз деңгээлинен эң бийик жерлерде жүрүшкөндүктөн, алар бир кокусунан гана ооруган кой-эчки же бодо малга жакындашып жуктуруп алып ооруп калбаса, өзүнчө популяция болуп жүргөндүктөн, оңой менен ооруй бербейт.

Топоздун этин бышырууда өзгөчө технологиясы деле жок. Кадимки эле башка бодо малдардын этин бышыргандай кылып даярдаса болот. Союп жатканда канын көбүрөөк агызыш керек, себеби каны канчалык көбүрөөк акса, этинин сапаты ошончолук мыкты сакталат. Топоз дары чөптөр менен тамактангандыктан, анын азыгы аминокислоталык заттарга, витаминдерге, микро жана макроэлементтерге абдан бай келет, андыктан аны жеген адам картайбайт.

100 г топоз этинин кубаттуулугу жана химиялык курамы

Азыктын кубаттуулугу

калориялуулугу 111,5 кКал

Белок 20 гр

Май 3,5 гр

Суу 75,3 гр

Күлү 1,2 гр

Витаминдер

Витамин PP (Ниациндик

эквивалент) 3,32 мг

Макроэлементтер

Кальций 12 мг

Магний 24 мг

Калий 339 мг

Фосфор 216 мг

Күкүрт 200 мг

Микроэлементтер

Темир 3 мг

Йод 7 мкг

Топоз этинин кубаттуулугу

111,5 кКал. түзөт.

Мүйүзү, каны, ички секрециялык органдары, туяктары дары препараттарын даярдоо үчүн фармакологиялык өндүрүштө

колдонулат

Териси тери галантереясында, бут кийим өндүрүшүндө пайдаланылат

Кылынан аркан, жасалма чач ж.б. атрибуттар жасалат

Тарамышы желим даярдоодо колдонулат.

Бактыгүл Кулатаева

Түп нускага шилтеме : erkintoo.journalist.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...