Акыркы макалалар

Комитет кыргыз-тажик чек ара аймагына эки көпүрө куруу келишимин колдоду

Депутаттар "Дүйшөмбү шаарында 2014-жылдын 31-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки көпүрө жана автомобиль жолдорунун участокторун куруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун 2-окуудан колдошту. Мындай чечим бүгүн, 1-декабрда парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында каралды.

Тажикстан Республикасынын аймагын айланып өтүү жана Кыргыз Республикасынын транспорттук көзкарандысыздыгын камсыз кылуу максатында Кулунду-Максат автожолунда 25,3 млн сом суммасына эки көпүрөнү куруу каралган.

Кулунду-Максат автомобиль жолунун узундугу эки көпүрөнү куруу менен 1,1 километрди түзөт. Гулякандоз каналы аркылуу биринчисинин узундугу 18 метр жана Козу-Баглан дарыясы аркылуу экинчисинин узундугу 36 метр.

Сунушталган макулдашуу эки мамлекеттин жарандарынын жана транспорттук каражаттарынын тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылуу максатында аталган Гулякандоз каналы жана Козубаглан (Кожо-Бакырган) дарыясы жана аларга жакын автомобиль жолунун участоктору аркылуу эки көпүрөнү курууну болжолдойт.

Көпүрөлөрдү жана автомобиль жолунун участокторун куруу боюнча чыгымдар, ошондой эле имараттарды, курулуштарды, башка курулмаларды жана жерлерди ыктымалдуу бузуу менен байланышкан чыгымдарды тараптар бирдей үлүш менен макулдашкан трассанын планына, автожолдордун схемасына жана болжолдонгон курулуштун эсептик наркына ылайык төлөйт.

Тараптар эки мамлекеттин транспорт каражаттарынын жана жарандарынын өтүшүн кандайдыр-бир түрдө чектебөөгө, ошондой эле ушул участокто алардын кыймылын чектеген постторду же башка курулуштарды орнотпоого макулдашат.

Жыйындын жүрүшүндө, "Ата-Журт" фракциясынын лидери Жылдызкан Жолдошова, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттери менен мамилени жакшыртуу зарылдыгын айтып, элдик дипломатияны ишке киргизүү учурдун талабы экендигин баса белгиледи.

"Учурда Ош эли газы жок отурат. Электр энергиясы болсо маал-маалы менен өчүрүлүп жатат. Биз коңшу Өзбекстан мамлекети менен мамилени оңдошубуз керек. Эгерде ушундай нукта кете бере турган болсок эл эле кыйналып калат",- деди ал.

Ал эми комитеттин төрагасы, "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңеш Тажикстандын жана Өзбекстандын мамлекеттеринин парламентине парламенттер аралык комиссия түзүү сунуштары боюнча кат жолдогондугун айтып, бирок ал мамлекеттерде өтүүчү шайлоого байланыштуу маселе кечиктирилип жаткандыгын билдирди.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...