Акыркы макалалар

Мирлан Бакиров: “Майда маселелерди президентке жеткирбей, өкмөт чечип коюуга күчү жетпей жатат”

Мирлан Бакиров: “Майда маселелерди президентке жеткирбей, өкмөт чечип коюуга күчү жетпей жатат”

“Гезит бетинде” программасынын бүгүнкү коногу Жогорку Кеңештин депутаты “Өнүгүү” партиясынын мүчөсү Бакиров Мирлан Исакбекович болду.

-Казакстандан бериле турган электр энергиянын баасы катардагы колдонуучулар үчүн 2 сом 5 тыйындан, ал эми 700 киловаттан ашык жаккандарга 2 сом 19 тыйындан бериле турган болду. Бул туурасында басылмаларда арбын баяндалган.

-Бул айла жоктон, абалдан чыгуунун жолу. Энергетикалык кризиске капталганыбыз жашыруун эмес. Кризисти аба ырайына же сууга шылтабастан, системалык кемчилик катары баалайм. Убагында суунун аздыгы, аба ырайынын кургакчылдыгы белгилүү болгон. Бүгүнкү өкмөт башчысы 22-апрелде өкмөттө отурум өткөзүп, ушул маселени көтөргөн. Суунун аздыгы жана кургакчылык ачык айтылган.Ошондон бери электр энергиясын жайдын ысыгында үнөмдөп калууга шарт бар болчу. Мындан мурдагы өкмөт башчынын убагында дагы миңдеген киловатт электр энергиясын Казакстанга арзан баада сатышкан. Ушундай өкмөттүн мүчүлүштүктөрү болбогондо, мындай кризиске кабылбайт элек. Муну ачык эле өкмөттүн системалык жактан жакшы иштебегендиги деп бааласак болот. Президентибиз Казакстанга барып, кымбат болсо дагы электр энергиясын алып келип, элди суукка калтырбоонун амалын кылып жатат. Алмазбек Шаршеновичтин бул кадамын чечкиндүүлүк жана камкордук катары баалайм.

-“Салымбеков жуучуларга тунуп турат” деген аталыштагы макала бар экен. Анда “Эмгек” партиясы менен “Өнүгүү” партиясы биригүү жолуна түшүп жатканы туурасында баяндалган. Деги эле партиялардын биригишинин негизги максаты кандай?

-Биригүү процесси башталды. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ачык айтсак, келерки шайлоого даярдык. Кыргызстан - шайлоо өткөрүү боюнча алдына ат салдырбай келе жаткан мамлекет. Элибиз куру сөзгө да каражатка да алданып көрүштү. Эми кийинки шайлоодо шайлоочулар мындай кадамга барбайт деп ишенем. Себеби азыр элдин көз карашы өзгөрдү. Партиялардын арасынан элге кызмат кылган карапайым элге аралашкан партияларга баасын берет деп үмүттөнсөк болот.

-Биригүүгө кадам жасаган “Эмгек” партиясынын лидери Аскар Салымбеков менен “Өнүгүү” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин кийинки кадамдары кандай болот? Лидерликти кимиси аркалайт дегендей?

-Лидерликти ким алат деген сүйлөшүүгө жана макулдашууга жете элек. "Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" дегендей кочкорлордун башы бир казанда кандай кайнайт же аларды күчкө салып кайнатабы аны убакыт көрсөтөт.

-Басылмаларда Казакстандын чек арасында кармалып турган 448 вагон күйүүчү май туурасында баяндалган.

-Бул вагондор бир топ убакыттан бери турат. Качан гана президентибиз барып, сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин гана коё бериле баштады. Буга чейин премьер-министр телефон менен сүйлөшүп атам деген маалымат берип келген. Ушундай маселелерди президентке жеткирбей чечип алууга өкмөттүн күчү жетпей жатат. 41 вагон келиптир эми дагы калганы келет го деген үмүт бар. Бул иште башка саясий деле маселе жок.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...