Акыркы макалалар

Биздин максат - кыргыздын оймо-чиймелерин дүйнөгө таанытуу

Биздин максат - кыргыздын оймо-чиймелерин дүйнөгө таанытуу

Биз бул жолку “Анан... Дагы...” программасынын алкагында кыргызымдын мекенчил уулдарынын колунан жасалган унаа каптамалар тууралуу сөз кылабыз.

Акыркы кездерде кыргыз калоритиндеги түркүн түстүү буюм-тайымдар, кийим-кечектер, ал тургай оймо-чийме камтылган үй жасалгалары калк арасында кеңири тамырын жайды. Күн өткөн сайын кыргыздар өз баалуулуктарын баалап, өзүн “МЕН КЫРГЫЗМЫН” деп башын өйдө көтөрүп, сыймыктануу менен Кыргызстанды ар тараптан таанытууга аракеттерди кылышууда. Бүгүнкү күндө алардын катарын төмөнкү жигиттер толуктап отурат.

-Менин атым Орозбек. 1992-жылы туулгам. Бишкек шаарынын тургуну. Политехте окуйм, азыр 4-курстамын, быйыл бүтүрүүчүмүн. Мен өзүмдүн досторум менен чогуу иштейм. Алардын аттары – Эсенбек, Жоробек. Эсенбек Медициналык академияда, Жоробек Манас университетинде окуйт. Алар да 4-курс. Үч бала өзүнчө топ болуп, унаа каптагычтарды тигип, машиналарга тагып, айдоочулардын бактылуу жүздөрүн көргөн сайын сыймыктанабыз.

«Түнү бою уктабай...»

Ооба, жогоруда Орозбек мырза айтып өткөндөй, жакында эле коомчулуктун кызыгуусун арттырып, мекенчилдик сезимди ойгото турган дагы бир эмгек кыргыз элине сунушталды. Биз бул жолу дал ошол кыргызымдын мекенчил уулдарынын колунан жасалган унаа каптамалар тууралуу сөз кылабыз. Өзүлөрү жаш болгонуна карабай, окуп, ошол эле учурда иштеп, болгондо да кыргызга таандык баалуулуктарды калк арасында жайылтууну көздөгөн мырзаларга эң алгач эле ушул ишти баштоого эмне түрткү болду деген суроомду узатып, мырзалардын буга чейин эле оймо-чийме, кийиз менен достошуп жүргөнүн түшүндүк.

-Биздин негизи кыргыз оймолору түшүрүлгөн кийизден ар кандай буюмдарды жасаган кичи жумушубуз бар болчу. Анан бир күнү өзүбүздүн унаабызга бир каптама жасап көрдүк. Жыйынтык абдан жакшы болду. Каптаманы улам карап сүйүнөбүз, түнү бою уктабай калдык. Ошол кезде оюбузга бир идея келди. Биз жасаган унаа каптаманы элге жайылталы деп сүйлөштүк. Эң биринчи досубуздун унаасына, андан кийин меникине, досторубузга, тааныштарыбызга жасап отуруп, өзүнчө бир жарнамага айланды. Ар бир жасаган каптаманы социалдык тармактарга жайгаштырып турдук. “Улуттук унаа каптамалары” деген темада жеке баракча да ачканбыз. Ошентип буйрутмалар келе баштады.

«Жасайбыз дедик, жасадык...»

Жоробек, Орозбек жана Эсен аттуу үч мырзадан турган топ алгач ишмердүүлүгүн кичинекей буюм-тайымдарды жасоодон башташкан. Өзүлөрү кийизден жасаган баш кийим, үйгө кийиле турган чокой, сумканын түрүн жасап, шаарыбыздагы дүкөндөргө өткөрүшчү. Алардын кичинекей цехи бар. Дал ошол кичинекей цехтен алдыга чоң кадам ташталып олтурат. Көзүнөн от жанган жигиттерден бир унаа каптаманы жасаш үчүн канча убакыт талап кылынаарын сурап кызыктык.

-Эң биринчи каптаманы жасаш үчүн көп убакыт талап кылынды. Аны бөлүп-бөлүп, сүрөттөрүн тартып, ар бир өлчөмүн өлчөп, оймосун тескери кылып бастырып алып отуруп, акыры жасадык. Анткени бизде жасайбыз деген максат бар болчу.

«Жети өлчөп, бир кесебиз...»

-Биринчи каптаманы жасаш үчүн эки күн убакыт кетет деп калбадыңызбы. Негизи кичинекей буюмду жасаш үчүн бир күн деле аздык кылып коюшу мүмкүн экен. Ал эми каптаманы жасаш үчүн унаанын арткы, алдыңкы отургучтарына жасалат эмеспи. Чындыгында эки күндүн ичинде баарын жасап бүтүүгө үлгүрөсүздөрбү?

-Каптаманы жасап баштаганда айтып өткөндөй эле унаа өзүбүздүкү болчу. Анан албетте унаа короодо болот. Анын өлчөмүн алып, кирип-чыгып иштегенбиз. Эң кыйыны машинанын отургучтарын өлчөө болуп эсептелет. Анткени ар бир унаанын өзүнүн өлчөмү болот. Жетпей калса да болбойт, ашып калса кооз көрүнбөй калат. Ошондуктан кылдат иш кылуу керек. Унаа жаныбызда болгон үчүн аз убакыттын ичинде эле бүттүк. Башкаларга жасаш үчүн көбүрөөк убакыт кетет. 3-4 күнгө созулуп кетиши мүмкүн.

-Бир каптаманы жасаш үчүн канча каражат талап кылынат?

-Материалдардын баалары ар кандай болот. Бизге көп деле калбайт. Баарыбыз студент болгондуктан окуудан келип, көлөмдүү деле жумуш кылбайбыз. Аз-аздан эле чыгарып турабыз. Материалдардын кымбаты болот, арзаны болот. Ошого жараша каптамалардын баалары чыгат.

-Материалдарды кайсыл жерден алып жатасыздар?

-Башында өзүбүздүн кийизден баштаганбыз. Анан адамдар башка материалдардан тигип берүүбүздү суранып калышты. Көбүнчө Мадина базарынан алабыз.

-Каптамалардын баалары 2 миңден кем эмес, 7 миңден ашпайт экен. Бааларын кантип аныктайсыздар?

-Баалары материалдан жана унаанын татаалдыгынан көз каранды. Отургучтары канчалык чоң анан көп болсо, ошончолук кымбат болот. 7 орундуу унаалар бар, биз бир орундукка чыккан бааны 7ге көбөйтүп коёбуз. Ошентип баалары аныкталат.

-Ушул кезге чейин канча каптама сиздер тарабынан жасалды?

-Көп эле каптама тиктик. Биз эсептеп көрбөптүрбүз. Болжолдуу түрдө айтканда, 100дөн ашты. Биз негизи айдоочулардын каалоолорун аткарганга аракет кылабыз.

-Сиздердин эмгектериңиздерди жактырбай койгон кардарлар кезиктиби?

-Болот. Биз кардарларга каптамалардын түрлөрүн көрсөтөбүз. Алар өзүлөрү тандашат. Бир эле буйрук берген адам, экинчи жолу да кардар болуп калышы мүмкүн. Кээ бирлери өз ойлорун да билдиришет. Ар бир ой баалуу дегендей, баарын эске алабыз. Сынды туура кабыл алабыз. Терс пикирлер да айтылат. Эмне жалаң эле оймолор менен тигесиңерби дешет. Бул деген биздин хоббибиз. Биздин максат – кыргыздын калоритин көтөрүп, кыргыздын оймо-чиймелерин элге таанытуу, таратуу. Кээ бирлери чалып айтышат, оймонун кереги деле жок, мага жөн эле каптама жасап бер деп суранышат. Бизге буйрук берип жасаткандан көрө, унаа базарларга барып сатып алсаңыз өзүңүзгө эле жакшы деп түшүндүрөбүз. Арзаныраак да болот. Бизге келип ченеттирип, келип-кетип отурбай, базардан эле даярын сатып алган оңойураак. Бирок, каалоосу болсо жасай беребиз. Ал кыйла жеңил болот.

-Эң татаал кайсы унаа болду?

-Эң татаал унаа менин оюмча Хонда Аккорддун жаңы кузову болгон. Анткени ал седан болчу. Ал седан болгондуктан анын арткы отургучтары бизди кыйнап койду. Отургучтарын чыгарууга туура келген унаа ачкычтары керек болду. Ошондо кыш мезгили да болчу. Үшүп, тоңуп... Аябай эсибизде калган. Бирок, эң жарашыктуу ошол унаа болгон. Кышында айлана-чөйрө аппак болчу. Унаа өзү сыя көк болчу. Каптама ак түстө болуп, сонун отурган. Аябай сүйүнгөнбүз. Унаанын ээсине абдан жаккан. Сүйүнүчү койнуна батпай, улам карайт, дос, тууган-туушкандарына чейин чалып чыккан. Негизи бизге жип, универсал унааларга каптама жасоо жеңилирээк болот.

-Азыркы тапта буйрутмалар келип жатабы?

-Ооба, интернет баракчалары аркылуу адамдардан буйрутмалар көп келүүдө. Азыр негизи интернет кеңири тамырын жайбадыбы. Ар бир эле адам интернет менен колдонгонду билип калышты. Биздин баракчаларды ачып, “Жактыны” басып, ар түрдүү пикирлерин жазып жатышат. Кээ бирлери биздин сүрөттөрдү бөлүшүп (поделиться) коюшат. Уюлдук телефондоруна да жүктөп алгандар бар экен. Ал жерде биздин байланыш номерлерибиз да жазылган. Кантип жасайсыңар, кантип көрсөк болот, канча турат деп чалып калышат. Чет өлкөдөн да буйрутмалар келип жатат.

«Ак түстөгү каптаманы "өзгөчө" таза адамдар жактырышат...»

-Каптамалардын түстөрү: кара, ак, боз, күрөң экен. Башка дагы өндөргө өтүү планда барбы?

-Өңдөрү көп. Бирок, эл кир көтөрүмдүү түстөрдү тандашат. Алар кара жана күрөң. Ак өң деле абдан кооз чыгат. Бирок ал тез кирдеген үчүн адамдардын басымдуу бөлүгү күңүрт түстөргө жакын. Өзгөчө таза дамдар ак түстөгү каптамаларга буйрутма беришет. Чет өлкөдөн кыргыздар чалып, жазышат. Ушуну көптөн бери күткөнбүз дешет. Кытайдын жасаган каптамасын унаага салгандан көрө өзүбүздүн оймо-чиймелер менен нукура кыргызча каптаманы күтүп жатканбыз деген сындуу жакшы каалоо-тилектерин айтышкан.

-Сөзүбүздүн башында айтып өткөндөй, жалпы эле адамзатына керек болгон буюмдар, эмне керек болсо ошонун баардыгы адамзаты каалагандай болуп калды. Азыр көп адамды байкасак, кыргызча кийингиси, үйүн кыргызча стилде жасагысы келип калды. Жалпысынан айтканда, патриоттуулукка абдан басым жасалып жатат. Негизи эле учурдагы мекенчилдикке сиздердин оюңуздар кандай? Көпчүлүккө белгилүү болгондой буга чейин нукура кыргыз чокойлору, сумкалары, кийим-кечектер, буюм-тайымдар жасалып келген, эми алардын катарын сиздердин унаа каптамаңыздар толуктап отурат. Эми сиздер дагы эмнени болсо деп каалайт элеңиздер?

-Мекенчилдикке оюбуз түз. Биздин оюбуз көп болчу. Биз оймо-чийме менен иштегенде көчөдө басып бара жаткан кезде дагы кайсыл жерге эмне кыла койсок деп ойлоно берчүбүз. Шаардагы маршруттук таксилердин бирине кызматыбызды кылып бергенбиз. Анын ички салону бүтүндөй кыргыз оймолору менен кооздолгон. Жада калса шыбына (потолок) чейин оймо-түшүргөнбүз. Көлгө каттаган жана Казакстанга каттаган маршруткага да кызматыбызды кылганбыз. Салондун баарына болбосо да, шопур отурган жери кооздолгон. Эми автобустарга да каптама жасасак деген оюбуз болуп жатат. Азыр адамдар булгаарыны анча жактырбай калышты. Анткени ал жайында тердетип, кышында үшүтөт. Ошондуктан биздин кардарлардын көбү булгаары менен капталган унаалардын ээлери болуп жатышат. Кийиз жылуу болот да анткени, биз башында жасап баштаганда бир топ жетишпестиктер болгон.

-Азыр үчөөңүздөр иштеп жатыпсыздар. Келечекте жумушчу санды көбөйтөйүн деген ойлоруңуздар барбы?

-Эгерде бул ишибиз дагы элге көбүрөөк тараса, албетте саныбызды көбөйтөбүз. Негизи бул ишти баштаганыбызга көп эле болуп калды. Ортодо токтоп, тикпей койгон учурлар көп болду. Биринчи алектенип баштаган күндөн баштап эсептесек, 1,5 жылдын жүзү болду. Башында интернет баракчаларына чыгарган эмес болчубуз, эч ким деле билчү эмес. Бир-эки унаа жуучу жайларга жарнама баракчасын чаптап койгонбуз. Ошол аркылуу элге тарап, бирден-экиден келе берчү. Ал эми интернетке кечээ-жакында эле чыгардык. Бардык нерсе кичинекей нерседен башталат деген сөз бар эмеспи. Азыр үчөөбүз эле болуп жатабыз. Кудай буюрса буюртмабыз жакшы болуп, жумуш улана берсе базарга да чыгаруу оюбузда болуп жатат. Келечекте пландар көп. Кыргыз калоритиндеги унаа каптамаларын бүткүл дүйнө жүзүнө тараталы деген оюбуз бар. Анткени кыргыздар аябай аракетчил калк болушат. Биздин мекендештер дүйнөнүн бардык бурчунда кездешет. Негизи кыргыздын буюмдары чет өлкөдө жакшыраак бааланат. Бир эле каптама менен гана чектелбестен, келечекте башка дагы нерселерди ойлоп табабыз деген жакшы тилектер бар.

Хадисте "жакшы иштер менен жарышкыла" деген жакшы кеп бар ардактуу мекендештер. Андыктан бул жашоого жаралган соң, жакшы гана иштерди жасоо менен жашап, ар бирибиз татыктуу өмүр сүрүп, мекенибиздин өнүгүшүнө бир аз да болсо, өз салымыбызды кошуп кетүүгө аракет кылалы.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...