Акыркы макалалар

Сол рулдуу унаалар кымбаттайбы?

Сол рулдуу унаалар кымбаттайбы?

"Оң рулдуу унаалар өлкөгө кирбей калса, сол рулдуу автоунаалардын баасы кымбаттап кетиши толук мүмкүн",- дейт М. Аджиев

"Акыйкат таразасы" программасынын бул жолку чыгарылышында оң рулдуу унаалардын өлкөгө алып киришине тыюу салган мыйзам долбоору тууралуу “Эреп бирикмесинин” директору Мирзат Аджиев менен маек курдук.

-Жогорудагы мыйзам долбооруна пикириңиз кандай?

-Мен бул мыйзам долбоорун колдойм. Бирок тез аранын ичинде болушу керек деп элди түйшүккө салуунун кажети жок. Коомчулукка оң рулдуу унаа Кыргызстандын жолдоруна туура келбестиги тууралуу түшүндүрүп, анан гана бул долбоордун аткарылышын талап кылышыбыз керек.

-Оң рулдуу унааларга чектөө былтыр ЖКын депутаттары тарабынан көтөрүлүп, кийинчерээк коммерциялык багытта оң рулдуу унааларды колдонгонго болбойт деген мыйзамды колдоого алышкан. Бирок, буга президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн көптөгөн жарандары мындай транспорт менен турмуш-тиричилик өткөрүп жаткандыгын негиз кылып, кол койбой, мыйзам күчүнө кирбей калган. Эми бул мыйзам долбоорунун тагдыры кандай болот?

-Туура мыйзамды бышырып коомго туура келчү шарта жасаш керек. Бизде көбүнчө долбоорлор чийки болуп толук кандуу күчкө ээ болбой калууда. Азыркы учурда өлкөбүздө жүргөн унааларга эч нерсе кыла албайбыз. Болгону элди ташыган жеке айдоочулардын унааларын көзөмөлгө алуу керек. Антпесе көбүнчө жол кырсыгына кабылган унааларды текшерүүдө оң рулдуу болуп жатышат. Биз эң биринчи орунда адам өмүрү экени белгилүү. Бул мыйзам долбоорун тыкыр карап, кеңешип чечпесе жогорудагы долбоордун тагдырын кийип калышы толук мүмкүн. Анан албетте мамлекет катары элдин көйгөйүн эске алып чечип берүү керек.

-Азыркы айдоочулук күбөлүк берген мектептерге кандай баа бересиз. Ал жакта билинбеген чоң коррупция ойнойт эмеспи. Ушуларга кандай чара көрүү керек?

-Ооба, жең ичинде соодалашуу бул тармакта тамыр жайган. Бирок салыштырмалуу азыркы учурда, санына эмес сапатына көңүл бурган айдоочулук күбөлүк берүүчү мекемелерге өтө баштаганыбыз сезиле баштады. Ошого карабай сапатсыз мекемелерге, тиешелүү органдар лицензияны бербеши керек. Бир айдоочунун шалаакылыгынан канчалаган бейкүнөө жүргүнчүлөр запкы жеп жатышат. Жогорудагы мыйзам долбооруна муну кошуп коюшса жакшы болот.

-Азыр баалар унаага эмес бардык эле нерселерге өсүп жатат. Эгер оң рулдуу унаалардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынса, анда сол рулдуу машинелер кымбаттайт деп айткандар бар. Бул карапайым элге кыйынчылыктарды алып келбейби?

-Мындай көрүнүш болуп кетиши толук мүмкүн. Эмне дегенде, азыр деле оң рулдууга караганда, сол рулдуу унаалар кымбат. Өтө эле айырмаланып кымбаттап кетпеши үчүн мамлекет көзөмөлдөшү керек. Эгер оң рулдуу автоунаалар өлкөгө кирбей калса, алардын өлкө ичиндеги абалын жөнгө салуу керек. Антпесе оң жактуу автоунаалардын баасы аябай эле төмөндөп кетиши мүмкүн.

Кошумчалай кетсек, бул мыйзам долбоорун иштеп чыгууда Белоруссия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан сыяктуу мамлекеттер эске алуу менен каралган. Акыркы жылдары статистика боюнча Кыргызстандын автомобилдик паркынын саны кескин түрдө өстү. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, жалпы катталган транспорт каражаттарынын саны 1 миллион 73 миң 430 бирдикти түздү. Анын ичинде 160 миңден ашууну оң рулдуу унааларды түзөт. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, республикага кирген оң рулдуу автоунаалардын саны жыл сайын артып баратат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...