Акыркы макалалар

Адамзаттын 32%ы христиан дининде болсо, 23%ы мусулман, 15% - индуист, 7% - буддисттер түзөт

Адамзаттын 32%ы христиан дининде болсо, 23%ы мусулман, 15% - индуист, 7% - буддисттер түзөт

24.12.2012. Асанбек Каракозуев

Планетанын ар бир 10 адамдын сегизинчиси кандайдыр бир диний топтун мүчөсү катары эсептейт.

Pew изилдөө борборунун 230 мамлекеттен болжолдуу сурамжылоосунда жер жүзүндөгү 6,9 млрд адамдын 5,8 млрд адам кандайдыр бир динге ишенээрин билдиришкен. Бул иликтөө 2,5 миң адамдын сурамжылоосунан негизделген.

Болжолдуу түрдө адамзаттын 2,2 млрд. адамы (32% адамзаттын жалпы эсеби боюнча) христиан динине, 1,6 млрд. (23%) ислам, 1 млрд. (15%) индуизм, 500 млн (7%) буддизм, жана 14 млн (0,2%) иудаизм динин тутунушат.

Ал эми болжол менен 400 млн. адам (6%) ар кандай салтуу динде, ал эми 58 млн.у өздөрүн жаңы диндерде мисалы: синтоизм, сикхизм, бахаи жана башка диндерде экендигин билдиришкен.

1,1 млрд. адам же 16% эл белгилүү бир динге ишендейт. Б.а. аларды 3-топко киргизсе болот (Бирок алардын көпчүлүгү тигил же бул формада динге ишенишет).

Ал эми планетанын 73% тургундары кандайдыр бир дин жашаган мамлекеттерде жашашат.

Индуисттер жана христиандар бул диндеги көп жашаган жерде жашагысы келишет. Мисалы: 97% индуистар Индияда, Непалда жана Маврикиде, ал эми 87% христиандар 157 мамлекетте жашайт.

Мусульмандар 49 мамлекетте жашашат. Буддизмдегилер 7 мамлкетте (Бутан, Бирма, Камбоджа, Лаос, Монголия, Шри Ланка, Таиланд) турушат, бул мамлкеттерде дүйнөнүн 72% буддисттери бар.

«Динсиз адамдар» 6 мамлекетте, алар: Китай, Чехия, Эстония, Гонконг, Япония жана түндүк Корея өлкөлөрү.

Дүйнөдөгү диндерди тутунган адамдардын эң жашы исламда, алардын орточо жашы 23 жаш. Ал эми кийинкиси орточо 26 жаш болуп индуисттер турса, христиан дининдегилердин орточо жашы 30, «динсиз адамдар» жана буддисттер 34, а иудейлер 36 жаш.

Түп нускага шилтеме : yntymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...