Акыркы макалалар

Чегараны кесип өтүүгө аракет кылган Тажикстандын жараны кармалды

Кыргызстандын чегарачылары мамлекеттик чегараны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Тажикстандын жаранын кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик чегара кызматынын коомчулук менен байланыштуу бөлүмүнөн кабарлашты.

27-ноябрда Чүй областынын Панфилов районунун Чалдыбар айылына жакын жерден Чүй чегара отряды мамлекеттик чегараны кесип өтүүгө аракет кылган Тажикстандын жаранын кармаган.

Ал Кыргызстандын аймагынан Казакстанга өтүүгө аракет кылган. Учурда мыйзам бузган адам укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...