Акыркы макалалар

Кабыл Макешов: “Кыргыз элине керектүү маалымат бергениме сүйүнөм”

Кабыл Макешов: “Кыргыз элине керектүү маалымат бергениме сүйүнөм”

Дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде ар бир өлкөнүн тарыхында кала тургандай “Спорт энциклопедиясы” китептери бар. Ал эми Кыргызстанда мындай китеп бир жыл мурда “Дене тарбия жана спорт энциклопедиясы” деген аталышта жарыкка чыккан. Ага көп жылдык эмгегин коротуп, изилдеп жазган-Кыргызстан спорт журналисттер федерацияcынын башкы катчысы, “Азаттык” радиосунун спорт кабарчысы Кабыл Макешов. Китеп туурасында автордун өзү менен маек курдук.

- Эстеп көрсөк канча жылдардан бери өлкөбүздө спорт жаатында жазылган бир да китеп жок эле. Эми минтип сиздин аракетиңиз менен алгачкы спорт энциклопедиясы жазылды. Ушул идеяны алып чыкканга эмне түрткү болду?

- Жыл сайын ар кайсы мамлекеттердин мелдештерине же төрт жылда бир өткөрүлүүчү “Олимпиадалык оюндарына” көрүүчү катарында барып жүрөм. Анда уюштурган таймаштарынан тышкары мени абдан кызыктырганы, ошол мамлекеттин тарыхында кала тургандай ар түрдүү спорттук энциклопедиясын жана журналдарын айтаар элем. Алардын жазгандарын көрүп “мен дагы ушундай заманбап энциклопедия жазсамбы” деп ойлоп жүрчүмүн. Ошентип тилегимди ишке ашыруу үчүн мындан үч жыл мурун спортко тиешелүү болгон материалдарды жыйнап топтой баштагам. Чогулган маалыматтарымды бириктирип былтыр декабрь айында гана “ А” тамгадан “Я” тамгасына чейин алфавит тартиби менен жазылган Спорт энциклопедиясын чыгардым.

- Кыргыз спорту үчүн маанилүү болгон оор жумушту жалгыз аткаруу кыйынга турса керек?

- Эки жыл мурун мындай китепти казактар кара-ак кылып түссүз чыгарышкан. Ошентсе деле казактардын спорт комитети жана алар менен бирге 40-50гө жакын журналисттер биригип алышып, өз өлкөсүнүн спортун изилдеп, тактап анан гана Спорт энциклопедиясын жарыкка чыгарышкан. А бизде болсо мен жалгыз өзүм изденип, изилдеп чуркап жүрүп жаздым. Ошол себептен китепти абдан идеалдуу, укмуш деп айтыштан алысмын. Жалгыздын иши жалгыз, кээ бир маалыматтар толук болбой калышы мүмкүн. Тактап айтканда анда атактуу спортчулар жөнүндө жазылбай да калды. Барынан таң калганым канчалаган федерацияларга жардам сурап кайрылганымда “жок, эч нерсени билбейбиз” дегенден башканы айтышпады. Андайда аларда “маалымат жок окшойт же так маалыматты чогулткан адистери жокпу” деген пикирде калат экенсиң.

Себеби, мен ошол спортчунун так анык өмүр баяндарын издеп ал мурда иштеп кеткен спорт федерацияларына кайрылганда, ал жактагылар анын жашап өткөн өмүрү туурасында жазып бермек түгүл сүрөттөрүн да бербей коюшту. Ал эми китептеги жазылып калган кээ бир спортчулардын да анык жашоосун алардын аркасынан чуркап, кубалап, аларды кармаган жерден өмүр баяндарын жаздырып же “өзүңүз тууралуу кенен айтып берсеңиз мен өзүм жазып алайын” деп жүрүп араң дегенде маалыматтарды топтогом.

- Негизи ушул демилгени Дене тарбия спорт агенттиги көтөрүп чыгыш керек элек го. Жада калса алар да жардам берген жокпу?

- Бул китеп туурасында башында эле белгилеп өткөндөй жеке өзүмдүн чогулткан маалыматым. Ал эми аталган спорт агенттигине жардам сурап кайрылганда бири да унчукпай отуруп алды. Тилекке каршы, ошол учурда алар талкан жутуп алгансып эч кандай маани бербей коюшту. Анан булардан майнап чыкпасын түшүнгөндөн кийин, өзүм баарын колго алып спорт маалыматтарын топтогонго өттүм. Тактап айтканда, Дене тарбия спорт академиясы көп жыл мурун чыгарган китептерден карадым. Алардын көбү орусча болгондуктан которгонго туура келди. Ошондой эле башка спорттук булак кабарларын маанилүү болгон маалыматтарды жыйнадым дегендей. Ал эми каражат жагынан бир аз да болсо Улуттук олимпиадалык комитет жардам берди. 2 миң доллардай акчаны “Замандаш” ассоциациясынын жетекчиси Эмил Өмүракунов каржылады.

- Бул китептин ичинде кандай маалыматтар камтылган жана аны чыгарыш үчүн кандай чыгымдарга туш болдуңуз?

- Энциклопедияда Кыргызстандагы белгилүү машыктыруучулар, спортчулар, спортко чоң салым кошкон ишмерлердин өмүр баяндары, алардын мекени үчүн жеңген жеңиштери, ошондой эле алардын сүрөтү камтылган. Ал эми ичи-сыртын түстүү болуп, заманбап басмакананын акыркы жетишкендиктерин колдонуп чыгарганбыз. Анын нускасы миңге жакын. Кетирген чыгым болсо 14 миң долларды түзөт. Ушунча акчаны короткон менен өзүн-өзү эптеп-септеп актады. Себеби, спорт боюнча чет жерден сыйлуу келген конокторго бул китеп белек катарында да берилип келе жатат. Мындан тышкары, бир канча китепканаларга, Дене тарбия спорт академиясына, Бишкектеги айрым чоң окуу жайларына, мектептерге, ардагерлерге 100дөн ашык Спорт энциклопедиясын бекер бердик. Дагы ар кандай чыгымдар болгону менен мен ага көңүл деле бурбайм. Анткени, кыргыздын эл-жерине керектүү маалымат бергениме сүйүнөм.

- Мындай эмгегиңиздин чыкканына бир жыл толуптур башка чет мамлекеттиктер көрүп кандай пикирлерин айтып жатышат?

- Китеп чыккандан кийин эл аралык уюмдарга, эл аралык чоң мелдештерге, Лондондо өткөн Олимпиадага, Кыргыз маданий борборуна, “Би-Би-Си” маалымат радиосунун жамаатына белек катарында алып барып бергем. Алар энциклопедияга бир сыйра көз жүгүртүп “абдан жакшы болуптур” деп ой-пикирлерин айтышты. Учурда Дене тарбия спорт агенттигинин жетекчилери бул китепти бирден-экиден алып жатышат. Мындан тышкары, дагы бир нерсени айтып кетер элем, чоң-чоң мелдештерде байгелүү орундарды жеңген спортчуларга саат, фотоаппарат ушуга окшош майда-чүйдө белектерди бергендин ордуна ушул китепти белек кылса, аларга пайдалуу деп ойлойм. Андан спортчулар көбүрөөк маалымат алып патриоттук, мекенчилдик сезимин жогорулатышат деп ишенем.

- Учурда эмне менен алек болуп жатасыз?

- Жакын арада улуттук олимпиадалык комитетинин 20 жылдыгы өткөнү жатат. Ошого карата “Кыргыз Республикасы: Олимпиаданын санжыралуу жолунда” аттуу чоң китеп жазып бүттүм. Эми эки, үч күндө колго тийип калат. Бул китебим да түстүү. Анда Кыргызстандын олимпиадалык тарыхы, бул мелдештерде катышкан спортчулардын жетишкен ийгиликтери туурасында кенен баяндалат. Мисалы, Руслан Түмөнбаевге чейин жаздым. Мындан тышкары, Азия оюндарынан жеңген спортчулар туурасында кеңири маалыматтар болот. Бул китебиме 8000 доллар каражат кетирдик. Маектешкен АБДЫРАЙ КЫЗЫ БЕГАЙИМ

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...