Акыркы макалалар

Оозеки адабияттын таланттуу изилдөөчүсү

Оозеки адабияттын таланттуу изилдөөчүсү

Раиса Кыдырбаева, филология илимдеринин доктору, УИАнын корреспондент-мүчөсү

Ош шаарынын маданий коомчулугу 2012-жылдын 29-октябрында окумуштуу Акбаралы Сыдыковдун 80 жылдык мааракесине арналган республикалык илимий-практикалык конференциясын өткөзүштү.

Бул конференция биздин окумуштуулар чөйрөсүндө өткөрүп жаткан көп жыйындын бири катары көрүнгөн менен өзүнчө башкача бир терең мааниси бар экенин айтуу керек. Акбар Сыдыковдун чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрү жаңыдан күйүп-жанып, өркүндөй баштаганда, ага буйруган тагдыр өтө кыска, өтө аянычтуу жана катаал болуптур. Ал 51 жашында оорудан каза тапты. Өзүнүн кыска өмүрүнө карабастан Акбаралы Сыдыков биздин илимде сейрек кездешкен фольклористиканы, кыргыз элинин оозеки адабиятын изилдөөчү катары бир топ илимий эмгектерди жаратты, алардын ичинен көлөмдүүсү, өзүнүн мааниси боюнча эл аралык фольклористика илиминде изин калтырган эмгеги – кандидаттык диссертациясы. Ал “Манас” эпосундагы эрдиктин идеалдары” деп аталган жана кыргыз эпосунун чордонун түзгөн баатырдык мотивдин калыптанышы жана өркүндөшү жөнүндөгү маселелерге арналган.

Бул окумуштуунун бүт өмүрү, адамдык касиети, илимге умтулуусу Оштун райондорунда өтөт. Ал 1932-жылы, 13-октябрда Кара-Суу районуна караштуу Мады кыштагында туулган. Эмгек жолуна карасак, ал Оштогу педагогикалык институтун аяктап, ошондон тартып мектептерде кыргыз тили жана адабиятынан сабак берүү менен бирге мектептердин директору, завучу, райОНОдо инспектор болуп иштеген, 1968-жылы Москвадагы М.Горький атындагы бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасына кирген. Диссертациясын коргогондон кийин, өмүрүнүн аягына чейин (1983-жыл) Ош пединститутунда кыргыз адабият кафедрасынын башчысы, сырттан окуу бөлүмүнүн деканы болуп эмгектенет.

Москвадагы бүткүл дүйнөлүк адабият институту биздин Кыргызстандан барган аспиранттарга өзүнчө бир филология илимдери боюнча кадр даярдоого чоң салым кошкон институт болуп калды. Бул Институтта кийин белгилүү адабият изилдөөчүлөр Шаршенбек Үмөталиев (1950-жылдары), ушул макаланын автору Р.Кыдырбаева, Мухтар Борбугулов, Байдылда Маленов (1952-жылдары) окушуп, баары кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү жакташкан. Бизден кийинкилерден фольклор изилдөөчүлөр Сулайман Кайыпов, Камбараалы Ботояров, адабиятчы Кадыркул Даутов бүтүрүшкөн жана Акбар Сыдыков (1968) ушул адабиятчылардын “когортосун” жыйынтыктагандай болду. Азыр эми мезгил, заман өзгөрүп, ал институт менен болгон байланыштар кыскарылып калды окшойт.

Акбар Сыдыковдун Москвадагы илимий жетекчиси профессор Арфо Авегисовна Петросян илимий жактан гана жетекчи болбой, өзүнүн аспирантынын турмуштук жолуна да жетекчи болуп калганы Акбарга жазган каттарынан билинип турат. Ошол Москвадагы окуган кыргыз аспиранттарга Институт өзүнчө бир мектеп катары таасир калтырды. Кыргыз оозеки жана жазма адабиятын изилдөөдө 1950-1980-жылдардагы аспиранттардын союздук жана эл аралык деңгээлге көтөрүлүүсүндө, изилдөөчүлөрдүн методологиялык шыгынын жана илимий-теориялык деңгээлинин өсүшүндө, кадрлардын такшалышында аталган илимий мекеме чоң таасирин тийгизгени бүгүн айтыла турган ак сөз.

Акбар Сыдыков Ош облусунда окуп, биринчи билимин ошол жерде алса, ал Москвада окуганда бүт өзүнө табият берген мүмкүнчүлүгүн адегенде алган билимин кеңейтүүгө, башка элдердин адабияттарын өздөштүрүүгө, өзүнүн кругозорун, руханий көз карашын кеңейтүүгө умтулганын анын диссертациялык иши далилдеп турат. Акбардын диссертациялык изилдөөсү “Манастагы” баатырдыкка арналса да, ал бул ишинде ошол тандап алган проблема менен гана чектелбестен эпостун тарыхый калыптанган өбөлгөлөрүн изилдөөгө алып, кеңири панорамасын ачып берүүгө умтулганы көрүнөт. Кыргыз эпосундагы баатырдык идеалды ачууда ал бул мотивдин калыптанышын мезгилдин жүрүшүнөн табат жана өзүнүн архаикалык тутумун ошол өзгөрүүлөр менен байланыштуу карайт. Изилдөөчү баатырдык мотивди эпостун каармандарынын сүрөттөө ыкмаларынан баштап, баатырдын курал-жарактарына, тулпарларды сүрөттөөсүнө, пейзаждык көрүнүштөргө, поэтикалык ыкмаларына чейин анализдеп, кыргыз эпосунун жанрдык өнүгүүсүн изилдөөдө да орун берилет. Ушунун баары, изилдөөнүн аспекти кеңири алынганын аныктайт. Акбар Илимдер академиясынын кол жазма фондунда сакталып турган Сагымбайдын жана Саякбайдын көп томдуу варианттары менен таанышып, эпостун сюжеттик курулушун жана композициялык түзүлүшүн бир контекстте изилдегенин көрөбүз. Ошентип Акбар Сыдыков “Манас” эпосунун чордонун түзгөн мотивдерге таянып, өзүнчө бир оригиналдуу изилдөөнү жараткан. Бул изилдөөнүн манастаануу илимине киргизген салымы боюнча көрүнүктүү фольклористтер, Акбардын диссертациясынын официалдуу оппоненти, филология илимдеринин доктору В.М.Сидельников, алтайлык окумуштуу, филология илимдеринин доктору С.С.Суразаков, профессор, филология илимдеринин доктору Н.И.Кравцов ж.б. окумуштуулардын жакшы пикирлери да ырастап турат. Маркумдун үй-бүлөсү, туугандары Акбардын жазган эмгегин терең түшүнүп, бир тууган иниси, философия илиминин доктору Батыралы Сыдыков, жубайы Жамиля Уразова, уулу Элдияр, кыздары Жылдыз, Маликалар Акбардын архивдеги жарыяланбай калган материалдарын издешип, аларды иретке келтирип жана алардын илимий эмгектеринин жыйнагын түзүп, диссертациясын толугу менен “Манас” эпосу жана кыргыз оозеки чыгармачылыгынын маселелери” деген көлөмдүү китебин 2004-жылы жарыялашты. Менин оюмча, Акбардын жубайы Жамиля өмүрлүк жолдошунун алдында койгон максатын өзүнүн эс тутумунда, көкүрөгүндө сактап, анын эмгегине таазим этип, калган өмүрүн арнады, анын балдарын жетимсиретпей, атасынын эмгегин сыйлаганга, түшүнгөнгө үйрөтүп, аларды атасы самагандай адам катары тарбиялады. Демек, Акбардын тагдыры ага чыгармачылык өмүр гана буюрбай, анын жанына таза, билимдүү, ийкемдүү жубайды буюрган экен. Сөзүмдү кыскартып айтсам, Акбар кыска өмүрүн жемиштүү, бактылуу жашап өткөргөн.

Биз Акбар Сыдыков менен 1978-жылы калмактардын Элиста шаарында бүткүл союздук илимий-теориялык “Жангар жана түрк-монгол эпостору” деген конференцияда таанышып калдык. Конференцияда калмактын акыны Д.Кугультинов калмак эпосу боюнча сөз сүйлөп, бүткүл аудиторияны өзүнүн ораторлук баяндамасы менен багынтып алды. Танаписке чыкканыбызда мага бир киши келип таанышып калды, көрсө ал Акбар экен. Ошондо экөөбүз биринчи жолу аны менен Элиста шаарында тааныштык. Конференциянын эртеси Акбар мени менен жолугуп, шаардын зергер буюмдар дүкөнүнө барып аялына шакек тандашып берүүнү суранды. Биз ювелир дүкөнүнө барып, бир топ шакектерди карап чыгып, экөөбүзгө жаккан бир шакекти алмак болдук. Ушул кичинекей окуя Акбарга менин көз карашымды өзгөрттү. Ал мага өтө кичи пейил, ички дүйнөсү назик, үй-бүлөсүнө бөтөнчө камкор адамдай сезилди. Ошол учурдан тартып Акбардын өмүрүнүн аягына чейин ал жөнүндө менин пикирим өзгөргөн жок. Ушундай ички дүйнөсү таза, билими терең адам манастаанууга да өчпөс изин кошумчалап кетти.

Жаңы китептер жентеги

Көркөм шарттуулуктун табиятын изилдеп...

Филология илимдеринин кандидаты Нурзат Казакованын “Кыргыз прозасындагы көркөм шарттуулук маселеси (1920-70-жж)” деген китеби көркөм өнөрдөгү кызыктуу жана татаал, ошол эле кезде абдан зарыл көрүнүш болгон шарттуулук проблемасынын чоо-жайын, улуттук адабияттагы жана искусстводогу ролун көрсөтүүгө арналган. Китепке баш сөздөрдү филология илимдеринин доктору, профессор Л.Үкүбаева, философия илимдеринин доктору, профессор Теңдик Аскаров жазган. Көркөм чыгарманын канаты болгон шарттуулук жазуучунун чеберчилигин айкындоочу, турмушту романтикалуу берүүчү ыкма экендиги жана ал ар бир сүрөткердин талантына байланыштуу ар кыл максатта колдонулары адабиятчынын китебинде конкреттүү мисалдардын негизинде талдоого алынат.

Көп кырдуу адабияттын үнү

Д.Асакееванын “Кыргыз адабиятынын маселелери” деген китебинде К.Тыныстановдон Ч.Айтматовго чейинки совет адабиятынын ири өкүлдөрүнүн адабий процесстеги орду талдоого алынуу менен анда А.Алдашев, М.Макенбаев сыяктуу эгемендүүлүк жылдарында улуттук роман жанрынын активдүү өкүлдөрүнүн чыгармалары да өз баасын алат. Адабиятчы К.Жантөшевдин “Каныбек” романы тууралуу пикирин айтып, Казыбек, Р.Рыскулов, К.Эдилбаев, К.Жусупов, А.Матисаков, Э.Отунчиев сыяктуу авторлордун чыгармачылык портреттерин тартат. Борбордук орунда тоталитардык коом жана “Манас” эпосунун тагдыры турат. Китептин бир катар бөлүгүн Айтматовдун сюжеттерин изилдөө, публицистикаларын иликтөө боюнча материалдар ээлейт.

Жадидчилик кыймылы

19-кылымдын аягы 20-кылымдын башы жергебизде жаңы усулдагы мектептер ачылып, алар прогрессивдүү рол ойногондугу, бул кыймылдын Кыргызстандагы өзгөчөлүктөрү, кыргыз элинин билим алышындагы татар, ногой, башкыр агартуучуларынын таасири сыяктуу маселелер тарыхый планда А.Э.Кубатованын “Кыргызстандагы жадидчилик кыймылы (1900-1916)” деген китебинде изилденген. Китепте архивдик материалдар, кол жазмалар, адабий чыгармалар биринчи булактар катары кеңири пайдаланылган жана алар улуттук тарыхыбыздын жана маданиятыбыздын дагы бир “ак тактарын” ачып бергендиги менен баалуу. АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...