Акыркы макалалар

Кабыл Макеш: "Спортто жектекчинин бат алмашуусу ийгилик жаратпайт"

Кабыл Макеш: "Спортто жектекчинин бат алмашуусу ийгилик жаратпайт"

2014-жылга чейин спорт тармакты 19 жетекчи башкарган. 1991-жылдан бери иштеген жетекчилердин эң көбү төрт жылга чейин иштесе, айрымдары бир жылга чейин эле бул кызматта иштөөгө мүмкүнчүлүк алышкан. Учурда дагы спорт тармагындагы жетекчилер алмашып жаткан кези.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин түзүлгөндүгүнө 2015-жылы 90 жыл толот. Ошол жылдан 2014-жылга чейин бул тармакты 19 жетекчи башкарган. 1991-жылдан бери иштеген жетекчилердин эң көбү төрт жылга чейин иштесе, айрымдары бир жылга чейин эле бул кызматта иштөөгө мүмкүнчүлүк алышкан. Маалым болгондой, учурда дагы спорт тармагындагы жетекчилер алмашууда. Маалматтарга караганда, жетекчилерди бат-баттан алмашуусунда саясий кызыкчылык болушу ыктымалдуулугу айтылууда. Мына ушул тема алкагында белгилүү спорт баяндамачы Кабыл Макеш менен маек курсак.

-Учурдагы дене тарбия жана спорт агенттигинин ишин кандай баалайсыз?

-Спорт тармагында жыл сайын же эки жылда бир жетекчилер алмашып жатат. Ошол себептен Борбор Азия мамлекеттерине салыштырмалуу Кыргызстанда спорттун көрсөткүчү жыл сайын төмөндөп барат. Мисалы, жакында Түштүк Кореяда өткөн Азия оюндарында Тажикстан, Өзбекстан, Казакстанга караганда биздин спортчулар начар көрсөткүчтөрдү көрсөттү. Анткени машыгуу начар болуп, ага түзүлгөн мүмкүнчүлүк мамлекет тарабынан өз учурунда түзүлбөй, каражаттар өз убагында бөлүнбөй жатат. Ошондой эле спорт тармагын кинорежиссер, кыргыз эл артисти Болот Шамшиев, радио-техник Асанбек Усукеев, коомдук, мамлекеттик ишмер Айдар Керимкулов сыяктуу адамдар да башкарып келди. Андыктан бул тармакты билген, дасыккан адистер иштесе жакшы болмок. Дагы бир көйгөй, жетекчилердин бат-баттан алмашуусунан улам алардын отчеттору угулбай калууда. Мисалы, Лондон олимпиадасынан кийин Байгазы Кенжебаев эмне себептен бул аталган мелдеште ийгиликтер болбогондугу тууралуу эч кандай отчетун берген жок. Ошондой эле Азия оюндарынын алдында Мурат Саралинов кызматын тапшырып, андан соң Кадырбек Эргешов болду. Бул кишини спорт тармагын жакшы билган адис деп айтсак болот. Бирок Эргешов 4-5 айдын ичинде бир нече спорт мектептин жетекчилерин алмаштырып салды. Мунун кесепети Кыргыз спортуна терс таасирин берет. Азыркы учурда спорт тармагына эл аралык талаптарды билген, күчтүү менеджер зарыл болуп турат.

-Спорт тармагында жетекчилердин кызматынан алынышын башкы себеби эмне деп ойлойсуз?

-Өкмөт жетекчилери алмашаары менен башка жетекчилер да кызматтан кетип жатат. Ошол себептен өкмөт жаңырганда башка тармактын жетекчилери алмашканга аргасыз болууда. Спортто олимпиадалык айлампа болот. Ал төрт жылда бир келет. Жогорку тараптагылар спорт тармагындагы жетекчилерди алмаштырбай, туруктуу иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзсө гана ийгиликтер болмок. Себеби акыркы тапта Тажикстандын спортчуларына салыштырмалуу жада калса Түркменстандан биздин спортчулардын көрсөткүчү төмөндөп кетти. Учурда Азия өлкөлөрүндө спорт аябагандай тездик менен өнүгүп жатат.

-Кыргызсатандын спорт тармагында көрсөткүчүнүн төмөндөшүнө жетекчилердин алмашуусу себеп болушу мүмкүнбү?

-Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери 20га жакын жектекчиликтин алмашуусу буга мисал болууда. Жаңы жетекчи келгенден кийин ал өзүнө жаңы команда түзөт. Адистерди алмаштырып, реформа жасоого аракет кылат. Мурат Саралинов бул тармактага көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылды. Бирок казынадан каражат бөлүнбөгөндүктөн, спортчуларга, машыктыруучуларга шарт түзүп, каражатты өз учурунда алып бере албагандыктан намысы, уяты жол бербегендиктен, бул кызматты таштап, кызматтан кетүүгө аргасыз болду. Спорт тармагында жетекчилердин алмашуусу, спорт айдыңындай ийгиликтин болбошуна, көйгөйлөрдүн чечилбешине алып келет.

-Спорттун өнүктүрүш үчүн кадрларды алмаштырыш керекби же башка жол менен реформа кылыш керекби?

-Кадрларды алмаштыруу менен бул маселени чечүүгө болбойт. Эң негизгиси мамлекет тараптан спорт тармагына өзүнчө программа иштелиши керек. Спорт тармагы улуттун дени сак болушун шарттоо менен бирге Кыргызстандын ар намысын, атын алыска таанытат. Бул милдет спортчуларга жүктөлгөндүктөн аларга жакшы шарттарды түзүп берүү керек. Эл аралык талаптарга, азыркы дүйнөлүк спорттун деңгээлине жараша спортчуларга мамиле кылуу керек. Спорт тармагына эч кандай каражат бөлбөй туруп, же болбосо стандарка жооп бере турган спорт жайлары жок болуп туруп, спортчуларга “жогорку ийгиликтерди жараткыла”,- деп айта алабыз. Ошондуктан кадрларды алмаштырбастан биринчи спорт адистердин, машыктыруучулардын деңгээлин көтөрүү керек. Ошондо тармактагы көйгөйлөр чечилмек. Ал эми жетекчилик кызматтарга тармакты жакшы билген адискөй жана чечкиндүү кишилер келиши керек.

-Маегиңизге ыраазычылык билдиребиз.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...