Акыркы макалалар

Бишкекте 1-жолу таттуу азыктардын фестивалы өтөт

Бишкектеги соода борборлорунун биринде 29-30-ноябрь күндөрү алгачкы жолу “Дем алыш күндөгү таттуулар” (Sweets Weekend) аталыштагы таттуу азыктардын фестивалы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Иш-чарага таттуу азыктарды даярдаган 25тен ашуун мыкты кондитердик ишкана катышмакчы. Фестивалдын жүрүшүндө кондитердик азыктардын, момпосуйлардын, мармеладдардын жана нукура ширелердин түрлөрү сатыкка коюлмакчы. Ошондой эле таттуу азыктардын көрсөтмөсү, ар кандай сынактар жана ашпозчулардан мастер-класстар көрсөтүлмөкчү.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...