Акыркы макалалар

Кыргыз аял өзбекстандык беш аялды багажга салып келе жаткан жеринен колго түштү

Өзбекстандык беш аялды унаанын жүк салуучу багажына салып алып Кыргызстанга өтүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чегара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү кабарлады.

Кечээ, 26-ноябрда Баткен областынын "Кадамджай-унаа жолу" өткөрүү бекетинде Кыргызстандык аялдын унаасынан Өзбекстандын беш жараны кармалган.

Кыргызстандык аял "Ауди" унаасынын багажына салып өзбекстандык беш аялды жашыруун алып өтүүгө аракеттенген. Өзбекстандык жарандардын колунда паспорттору болгон эмес.

Документтер толтурулгандан кийин кармалгандар тиешелүү органдарга өткөрүлдү.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...