Акыркы макалалар

Электр энергияcы жана жылуулукка жаңы тариф 1-декабрда күчүнө кирет

Кыргызстанда электр энергиясы жана жылуулукка жаңы тарифтер 1-декабрдан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөткө караштуу Мамлекеттик отун-энергетикалык комплекс департаментинин жетекчи орун басары Миргүл Айдарова билдирди. Анын айтымында, электр энергиясынын жаңы тарифине ылайык, айына 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдалангандарга 70 тыйындан, андан ашкандарга 1 сом 20 тыйындан төлөө каралган.

Ал эми жылуулук үчүн тариф турак-жайдын аянтына жараша эсептелип, 917 сомдон башталат. Бул мурунку тарифке караганда 28 пайыз кымбат.

Энергетика министрлиги жаңы тарифтердин долбоорун 14-октябрда коомдук талкууга алып чыккан болчу. Андан мурун электр кубатын 3 фазада колдонгондор 70 тыйындын ордуна 1 сом 20 тыйындан төлөөнү караган тариф сунушталып, бирок сот аны мыйзамсыз деп тапкан соң өкмөт жокко чыгарган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...