Акыркы макалалар

Айтыш-2012

Айтыш-2012

Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драм театрында биринчи жолу «Айтыш-2012» аттуу түштүк аймактык төкмө акындардын айтышынын кароо-сынагы 2012-жылдын 5-6 декабрларында болуп өттү.

Бул иш-чара Жалал-Абад шаарынын 135-жылдык мааракесине, көп кырдуу таланттын ээси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Токтосун Тыныбековдун 85 жылдыгына жана боордош казак-кыргыз элине алтын көпүрө болуп жүргөн Майра Керим кызынын 50 жылдыгына арналды.

Жалал-Абад шаарынын мэри Бакыт Адылов аземди ачылышында: Бул тубаса өнөр. Мындай өнөрдүн кыргыз элинде өзгөчө аздектелип, муундан муунга уланып келе жатышы биз үчүн зор сыймык. Бул иш-чара менен биз ата-бабаларыбыз айтып келген аруулукту, тазалыкты, сулуулукту, руханий бийиктикти туу туткан улуу сапаттарды даңазалаган, ошол эле учурда коомдогу терс көрүнүштөрдү калемпир-мурчу аралаш куйкум сөздөрү менен эскертип турган маданий курал экенине биз маани берип карашыбыз керек. Эми бүгүнкү салтанаттын да биздин азыркы турмушубузга, ишибизге, деги эле коомдун дурус жагына өнүгүшүнө таасир бере турган күчү да маанилүү деп эсептеймин. Азыркы иш-чара шаардык мэрия жана шаардык кеңештин депутаттарынын колдоосу менен жүзөгө ашты, бул үчүн шаардык бюджеттин эсебинен 400 мин сом акча каражатын бөлүүгө чечим чыгарылып өткөрүлүп жатат,- деп айтты.

Кароо-сынактын калыстар тобунун төрагасы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин кандидаты Жусупбек Асанбаев, мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Саадабай Шабданов, Жолболду Алыбаев, Майра Керим кызынын жолдошу Байышов Канат, ЖАМУнун филология факультетинин деканы Калчакеев Кубанычбек. Айтыш көрүүчүлөр үчүн акысыз болду.

Ошентип, бул иш-чарага түштүк өрөөнүнөн 37 өнөрпоз катышып, эки күн кечке ырдашып, Жалал-Абад элинин жарпын жазышып, көрүүчүлөр курсант болуп кайтышты.

Кароо-сынактын баш байгеси – диплом жана 70 миң сом Т. Тыныбеков атындагы Жалал-Абад филармониясынын артисти, таланттуу төкмө акын Ашымбаев Абдыкайымга, 1-орун диплом, 50 миң сом Оштогу «Ак таңдай акын» коомдук бирикменин директору, ЭлТР каналынын алып баруучусу Акимбеков Абдивалиге, 2- орун диплом жана 40 миң сом оштук акын Шамырбек Тургунбаевге, 3-орун диплом, 30 миң сом Зулпуев Сапарга, 4-орун диплом, 20 миң сом Арзыматова Жыпар эжеге насип болду. Калган катышуучулар да куру кол калбай диплом, акчалай сыйлыктарды алышты. Ал эми Майра Керим кызынын жолдошу Канат Байышов жана уулу Акжолтой Канат уулу да сый конок катары сый-урматка татышып, сыйлык алышты.

Сыйлыктарды ээлерине Жалал-Абад шаарынын мэри Бакыт Адылов, шаардык кеңештин төрагасы Нурдин Эрматов өз колдору менен тапшырып, айтыш өз максатына жеткенин белгилешип, мындай руханий азык берүү өнөрүнө өтө көңүл бурулбай жатканына кейишип, бирок ушундай таланттар турганда келечекте Жалал-Абад – рух ордосу, илим-билим чордону болооруна ишенерин айтышты.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...