Акыркы макалалар

Жыл башынан бери чегарада 20 чатак катталган

Чегаранын тактала элек участокторундагы жагдай жазында, жайында жана күзүндө курчуп кетет. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда "Кыргызстан өз чегарасын коргой алабы?" деген темадагы тегерек столдо КРдин Мамлекеттик чегара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, Башкы штабынын башчысы Искендер Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, бул талаа жумуштарына байланыштуу. "Жазында эл жер айдап, жайкысын сугат менен алектенет. Чегарадагы жагдай бир түрлүү эмес. Чегара так аныкталган жерлерде маселе азыраак келип чыгат, такталбаган жерде албетте абал кыйын",-дейт Мамбеталиев.

Ал жыл башынан бери мамлекеттик чегарада 40 чатак катталганын, алардын 32инде келишпөөчүлүктөр кыргыз-тажик участогунда чыкканын кошумчалады.

Өз кезегинде өкмөттүн чегара боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров Өзбекстан жана Тажикстан менен чегаранын көп жери макулдашылганын белгиледи.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...