Акыркы макалалар

Жалал-Абадда 160 тонна табигый жаңгак Голландияга экспорттолот

“Кыргыз токой байлыгы” товардык сервистик кооперативи 160 тонна табигый жаңгакты “Vega plus” ЖЧКсы аркылуу “Фейртрейд” сертификаты менен Голландияга экспорттоо боюнча келишим түзүшкөн. Бул тууралуу аталган товардык сервистик кооперативдин төрагасы М.Боронбаев билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, 2013-жылдын 25-ноябрында “Кыргыз токой байлыгы” товардык сервистик кооперативи түзүлгөн. Жалал-Абад облусу боюнча 5 токой чарбаларынан (Кызыл-Үңкүр, Каба, Үрүмбаш, Орток, Кара-Алма) 200 дөн ашык токой пайдалануучу кооперативге мүчө болуп кирген.

“Кооперативдин максаты – токойдогу табигый мөмө-жемиштерди жыйноо, туура технологияны колдонуп өндүрүү, сатуу менен токой пайдалануучулардын экономикалык, социалдык абалын жакшыртуу жана экологияны коргоо”, - дейт М.Боронбаев.

Ал эми кооперативдин негизги иш багыттары: токой байлыгына кам көрүү. Коопративдин мүчөлөрүн токойду пайдалануу, калыбына келтирүү, сактоо жана коргоо иштерине тартуу. Базар-Коргон жана Сузак райондоруна токой питомнигин уюштуруу жана көчкү жүргөн жерлерге токой тилкелерин тигүү, жаңгак токоюндагы мөмө жемиштерин кайра иштетүүчү цехтерин куруу.

“Ошондой эле, кооперативдин иш багыттарынын бири өндүрүү, сатуу жана кайра иштеп чыгуу багытында табигый жаңгак токоюндагы мөмө жемиштерди жана айыл чарбасынын органикалык продукцияларын өндүрүү. Экологиялык таза жол менен жыйналган токой мөмө жемиштерин сатууга токой пайдалануучуларга көмөк көрсөтүү, “Фрейтрейд” эл аралык системасы боюнча иштөө болуп саналат”, - деди М.Боронбаев.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...