Акыркы макалалар

Мэр Ы.Абдиев: «Нарында көмүрдүн кымбаттоосуна кардарлар өздөрү күнөөлүү»

Бул тууралуу Нарын шаарынын мэри Ырахат Адиев маалыматтык жыйында билдирди.

«Шаарда азыркы учурда 7 жердеги көмүрканаларда 800 тонна көмүр бар. Аларда көмүрдүн баасы 3,5 миң сомдон сатылууда. Ал эми өз алдынча көмүр ташып келишип, аны бир жерге түшүрүп коюп мүшөккө салып саткандар бар. Биздин эл дагы оңой сатып алганга көнүп калышыптыр. Себеби мүшөк даяр экен да. Ал эми сатармандар мүшөккө, аны салганга да акча төлөшөт. Ошентип кымбаттап кетүүдө»-дейт шаар жетекчиси.

Ал эми облустук бийлик быйылкы жылдан тарта кара алтындын баасын менчигинин түрүнө карабастан Нарын, Ат-Башы аймактарында 3,5 миң сомдон ашык баада саттырбайбыз деп элге ала күздөн тарта убада берип келишет. Көмүрдүн сатуу баасын аныктай албай жаткандыгын облустун башкы мамлекеттик монополист жетекчиси Кабыл Үмөтов да белгилеген эле.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...