Акыркы макалалар

Пенсияга чыгыш үчүн эмгек стажысын төрт эсе көбөйтүүнү сунуш кылышты

Кечээ, 24-ноябрда өкмөттө болгон жыйында Социалдык фонддун башчысы Мухамметкалый Абулгазиев 2020-жылга чейин Кыргызстандагы пенсиялык камсыздоо системасынын өнүгүү концепциясынын долбоорунда жазылган нормалар тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, документте бир катар өзгөртүүлөр киргизилген. "Документке ылайык, 61 жашка чыккан эркектер жана 56 жашка чыккан аялдар пенсияга чыгат. Мындан тышкары жылына бир жолу инфляцияны эске алуу менен топтолгон каражатты индексациялоону пландап жатабыз. Ошондой эле пенсияга чыгыш үчүн анык бир эмгек стажысы- эркектер жана аялдар үчүн 20 жылдан кем эмес эмгек стажысы болушу керек деген норманы сунуш кылдык. Азыр мисалы, Кыргызстандын жараны пенсиялык куракка жетип, беш эле жылдык эмгек стажысы болсо деле, ал пенсияга чыгып, тиешелүү каражатын алат. Бирок башка өлкөлөрдө мындай эмес. Буга байланыштуу биз өзгөртүү киргизели деп жатабыз. Реформанын жыйынтыгы менен 2016-жылы каражаттарды үнөмдөө -546 млн сомго, 2020-жылга чейин - 9 млрд сомго жетиши керек",-дейт чиновник.

Эскерте кетсек, Социалдык фонд буга чейин 2020-жылга дейре Кыргызстандагы пенсиялык камсыздоо системасынын өнүгүү концепциясынын долбоорун коомдук талкууга алып чыккан.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...