Облустагы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен ЖМК кызматкерлеринин республикалык профсоюз уюмунун төрайымы Мэри Бекешова Караколдо жолугушту. Анда журналистердин ишмердүүлүгүндөгү профсоюздун керектиги тууралу маалымат берилди.
Жолугушуу өлкөнүн башка дубандарында да болуп келген. Көлдөгу журналистер менен жолугушууда суроо-жооп иретинде өттү. Анда профсоюздун иши, журналистерге кандай жардам көргөзөрү тууралу болду: “ КР ЖМК кызматкерлеринин профсоюзу 2012-жылдын февраль айында түзүлгөн. Андан бери журналистердин ишмердүүлүгүндө болгон 12 оош-кыйыштарды чечип бердик. Учурда ага 150 мүчө кабыл алынды. Биздин ЖМКнын республикалык профсоюз уюму журналисттерди бириктирүү жана аларды колдоо максатын көздөйт. ”-дейт М.Бекешова.
Жолугушуунун соңунда Ысык-Көл облустук ЖМК кызматкерлеринин баштапкы профсоюз уюму тузүлдү. Профсоюз уюмунун төрайымынын милдетин аткаруучусу болуп Issyknews.kg маалымат кызматынын кабарчысы Айсулу Бакыт кызы шайланды.
Азырынча бир да пикир жок...