Акыркы макалалар

Премьер-министр өкмөттүн жыйынын өткөрүүдө

Бүгүн, 24-ноябрда, премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жыйыны өтүүдө, деп билдирет өкмөттүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Күн тартибинде төмөнкү маселелер белгиленген:

1. Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актылар долбоору жөнүндө;

2. Жеткиликтүү турак-жай жана турак-жайды ипотекалык насыялоону өнүктүрүү программасынын долбоору жөнүндө;

2. Улуу Ата-Мекендик согуштагы (1941-1945-жж) Жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө.

Жыйын күн тартибиндеги алгачкы маселени талкуулоо үчүн премьер-министр КР экономика министринин орун басары Данил Ибраевге сөз берди.

Данил Ибраев белгилегендей, КР ББ жана БЭА кошулуусунун "Жол картасы" боюнча эки баскычта каралуучу 59 нормативдик-укуктук актылар долбоору каралууда.

"Биринчи баскыч боюнча 19мыйзам долбоору каралган, анын 16сы – Жогорку Кеңешке киргизилип, 2си - токтотулган. Учурда Өкмөттүн 18 токтомун киргизүү каралган, анын 8и кабыл алынып, 10у кабыл алуу алдында турат. Экинчи баскыч боюнча Өкмөттүн 12 мыйзам долбоору жана 10 чечими каралган. Бүгүнкү өкмөт жыйынынын кароосуна 8 мыйзам долбоору киргизилет", - деп маалымдады министрдин орун басары.

Ошондой эле белгиленгендей, киргизилген мыйзам долбоорлору өкмөттүн расмий веб-сайтында коомдук талкуу процедурасынан өткөрүлгөн.

"Бардык мыйзам долбоорлору нормативдик-укуктук базаны Бажы биримдиги регламенти менен ылайык келтирүү иретинде киргизилүүдө", - деп белгиледи Данил Ибраев.

Өз кезегинде премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдиргендей, Өкмөт тараптан өлкөнүн интеграциялык биримдикке кошулуу алкагындагы милдеттенмелерин аткаруу боюнча чоң иштер жасалды.

"Нормативдик-укуктук базаны ылайык келтирүү боюнча бардык иш-чаралар үстүбүздөгү жылдын декабрь айына карата жыйынтыкталышы керек. Үстүбүздөгү жылдын 23-декабрында мамлекет башчылар деңгээлинде өтүүчү Жогорку экономикалык кеңештин кезектеги жыйынында биз Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык аймакка кошулуусу жөнүндө маселени кароону сунуштайбыз", - деп белгиледи өкмөт башчы.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча Өкмөттүн мүчөлөрү киргизилген мыйзам долбоорлорун бир добуштан колдоого алышты.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...